Народные новости

Кошбулактагы шахмат мелдешинин жыйынтыгы - Паттаев Саатбай аке жеңди

  • Автор: Анварбек Тухтаров
  • Регион: Баткен
  • Опубликовано: 12.05.2015 @ 09:35
Кошбулактагы шахмат мелдешинин жыйынтыгы - Паттаев Саатбай аке жеңди

Улуу Жеңиш майрамын утурлап өткөрүлүүчү «Эл мугалими Мүйдүн Абдумомуновдун»- элесине арналган профессионалдар арасындагы шахмат мелдешинин 5- жолку өткөрүлгөн турниринин жыйынтыгы белгилүү болду.

«Өтө кызыктуу жагдай шахмат боюнча эч кандай разряды же дагы башка спорттук даражасы жок карапайым аксакал Паттаев Саатбай бардыгын утуп, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду шахмат боюнча спорт чебери Рахманов Пайзилла Саатович, ээлеген болсо, үчүнчү орунга Сүлүктү Гуманитардык Экономикалык Институтунун кафедра башчысы, шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер Садыков Мухамед Шералиевич жана Мүйдүн агайдын баласы Абдумомунов Муса Мүйдүновичтер татыктуу болушту дейт»- турнирдин башкы калысы, Сүлүктү шаардык Казына бөлүмүнүн башчысы, чыгаан шахматист Келдибеков Арстан Пардабаевич.

«Ушул турнир бешинчи жыл катары менен өтүп жатат, мындан ары салт болуп калды. Турнирди уюштуруп, өткөргөн Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркуловго шахматчыларга демөөрчү болгон Нишанбай Дехканович Джураевге ыракмат айтамын. Эмки жылдагы өтүүчү турнирге кудай буйруса мен демөөрчү боломун»- дейт Сүлүктү-Лейлек-Баткен боюнча МРЭОнун начальниги, полковник Адамбай Туленбаев. Адамбай Туленбаевич жөнүндө Эл арасында аты да Адамбай, өзү да Адамбай- деген Сөз бар. Бардык жакшы каалоо тилектер ишке ашып, шахматчылар көбөйө берсин.

(Сүрөттө биринчи орунга мелдешип жатат. Солдон оңго:Баш калыс- А. Келдибеков, 1- орун-С. Паттаев, экинчи калыс С. Муратов жана 2- орун П. Рахмановдор)

Вы можете прислать нам свою новость здесь.