Последние публикации

Ветеринарлар мамлекет тарабынан каржыланбаган пастереллез дартын аныкташкан

Ветеринарлар мамлекет тарабынан каржыланбаган пастереллез дартын аныкташкан

Мындай маалыматты Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун башчысы Ишенбек Алманбетов билдирди. Ал “ мамлекет тарабынан каржыланбаган малдын партереллез оорусун аныктап бердик. 2015-жылы бул мал ылаңын мамлекет тарабына каржылоо керектигине аракеттерди көрүп жатабыз. Быйыл облуста аталган дарттын беш очогу катталды. Өз убагында чаралар көрүлүп, ооруну жок кылууда өкүл А.Кайыповдун колдоосу менен дарылар өз убагында алынып эмдөөлөр жүргүзүлдү”-дейт И.Алманбетов. Негизинен малдын бруцеллез, күл, шарп, сибир жарасы жана кутурма ылаңдары мамлекет тарабынан каржыланып дары-дармектер берилип турат. Бул беш ооруга жетиштүү вакциналар берилип убагында эмделүүдө.

А.Кайыпов Нарын аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна дарт аныктоо боюнча заманбап оргтехника тапшырды.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg