Последние публикации

Нарын. Электр энергия үчүн кардарлардын карызы 42 млн. сомго көбөйгөн

Нарын. Электр энергия үчүн кардарлардын карызы 42 млн. сомго көбөйгөн

Нарында пайдаланылган электр энергия үчүн жалпы кардарлардын карызы тогуз айда 282 млн. 952 миң сомду түздү, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 42,8 млн. сомго көбөйгөн. Мунун ичинен элдин карызы 59,6 млн. сом , жергиликтүү бюджеттики 18,5 млн, республикалык бюджеттин карызы 26,7 млн, жылуулук берүү ишканасынын карызы 61, 9 млн. сом жана башка мекеме ишканалардын карызы 116 млн. сом.

Тогуз ай ичинде Нарын облусунун электр тармактарында жалпы 438 млн. 803 миң кВт саат электр энергиясы пайдаланылып, бөлүнгөн лимиттен 2,8 млн. кВт саат энергия үнөмдөлгөн. Кабал алынган электр энергиянын ичинен жалпы коромдор 71,8 млн. кВт саатты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга азайган. Тогуз айда 364,5 млн. кВт саат электр жарыгы 296,7 млн. сомго сатылган.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg