Последние публикации

Назгүл Бейшеева: "Элет аялдары экономикалык укуктарын толук пайдалана албайт"

Назгүл Бейшеева: "Элет аялдары экономикалык укуктарын толук пайдалана албайт"

Бул чыгарылышта "Элет аялдары" тууралуу маек Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Бейшеева менен болду.

-Өлкөдө элет аялынын орду кандай?

-Кыргызстанда элет аялынын орду өтө зор. Анткени Кыргызстандын калкынын 65 пайызы айыл жергесинде жашаса, анын 51 пайызын аялдар түзөт. Балдарды тарбиялоо, үй оокатын кылуу, сырттагы иштерди жасоо айымдардын мойнунда. Бирок, алардын эмгеги эч бааланбайт. Буга байланыштуу биздин кызмат атайын конференцияларды өткөрүп келебиз. Анда элет жериндеги аялдардын көйгөйлөрүн угуп, талкуулап аны чечүүнүн жолдору изделет. Маселен, 2013-жылы Баткен облусунда 1-элеттик аялдар конференциясы өттү. Быйыл 2-конференция Нарын шаарында өттү. Анда элет аялдарынын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасы талкууланды.

-Элет айымдарынын көңүл бура турган көйгөйлүү маселелери катары эмнелер саналат?

-Көйгөйлөр өтө көп. Алар бир күндө же бир жылда эле чечилип калбайт. Аларды четинен алып чечүү керек. Эң көйгөйлүү маселеси, элет аялынын ден соолугунун начардыгы. Профилактика жок. Өткөн жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен Баткен облусунда профилактикалык көзөмөл жүргүздүк. Анда 230 элет аялынын ичинен 90 пайызы ар түрдүү ооруга чалдыкканы белгилүү болду. Экинчиси, элет аялдары өзүлөрүнүн экономикалык укуктарын толук пайдалана алышпайт. Себеби, тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Ошондой эле үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесин айтып кетээр элем.

-Айыл жериндеги аял менен шаардагы айымдын эң чоң айырмачылыктары катары эмнени айтасыз?

-Чындыгында шаар менен айыл жеринде жашаган айымдарда айырмачылыктар бар. Ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн санынан да көз каранды. Мисалы, шаар жеринде жашаган аял убактысынын 15 пайызын товар сатып алууга сарптайт. Тамак жасоого 32% , идиш жууганга 10%, кир жуу жана үтүктөөгө 13 %, үй жыйноого 12%, ал эми балдарын кароого 9% убактысын коротот. Ал эми элет айымы керектүү товар сатып алууга шаардык айымга караганда 1,8 эсе аз убакыт сарптайт. Тескерисинче убактысынын көп бөлүгү жогоруда көрсөтүлгөн нерселерге көбүрөөк коройт. Бул айыл жеринде заманбап техникалардын жоктугунан же аздыгынан кабар берет.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg