Последние публикации

Таш керемети. Карыпбек РЫСКЕЛДИЕВ, табигый таштардагы сырларды окуган адам

Таш керемети. Карыпбек РЫСКЕЛДИЕВ, табигый таштардагы сырларды окуган адам

Карыпбек РЫСКЕЛДИЕВ Тоң районунун Бѳкѳнбаев айылында жашайт. Жергиликтүү элден сырткары аны чет элдик туристтер жакшы билет. Таштардагы сүрѳттѳрдү, чиймелерди, белгилерди чечмелеп окуп, дүйнѳдѳгү, ааламдагы, кыргыздардагы сырларды, ѳткѳн тарыхты, келер чакты жана башканы кагаз бетине түшүрүп келаткан бул адамдын касиети ѳзгѳчѳ. Эмесе, аны менен болгон маек жана таштардагы сырлардын чечмелениши сиздерге жаңы ачылыштарды, жаңы жаңылыктарды тартуулаарынан күмѳн санабайбыз. Тилекке каршы, гезит бетине саналуу гана таштарды тандап бердик.

Таштарда бар улуулук,

Таштарда бар сулуулук.

Кармасаӊ, көрсөӊ, суктансаӊ,

Берип турат жылуулук.

- Карыпбек агай, таштар дүйнөсүнө кандайча кирип калдыӊыз?

- Ата-энем чабан болгонуна байланыштуу бала-чагым тоо-ташта өттү. Бир сөз менен айтканда, жайлоодо чоңойдум. Жаратылыштын койнунда жүрүп, табият дүйнөнүн ажайып кооздугу мага абдан катуу таасир бергендиктенби, сүрөт тартуу адатым бала кезимден эле башталган. Кооз таштарды чогултканды жакшы көрчүмүн. Кагазга, жерге, чатырдын бетине көө менен сүрөт тарта берер элем. Кийин инилерим айтып калышчу эле күлүп, «байке, ошондо чатырга биз тартсак урушуп коюшчу да, атам менен апам сиз тартканда эч нерсе дешчү эмес» деп.

Талаадан гүл терип үйгө алып келсем апам чыныларга суу куюп жакшынакай кылып салып койчу, ошону карап отуруп окшоштуруп кечке сүрөт тартчумун. Көрсө ошондо натюрморт тартууга апам мени шыктантып койгон экен. Тоодо жүргөндө кык менен, көө менен таш бетине сүрөт чиймелеп жүрдүм, бирок ошондо мага таш булганбасын деген сезим келчү экен. Азыр эстесем, табият менен ошондо эле байланыш түзүлүп баштаптыр. Таш менен мынчалык байланышып калам деп ойлогон эмесмин. Бир жолу жолдо кетип бара жатып жерден жөргөмүш көрүп калдым, өӊү күмүштүн түсүндөй, ортосу кызыл экен, азыр ошондой кызыл түстү мен эч жерден көрө албайм. Ал кайталангыс кызыл түс мага абдан чоӊ таасир калтырган. Колума алып жакшылап караганда боорундагы кызыл чекит плюс деген белги экен, мен ошол крестикти көргөндө ааламга киргендей болгом. Ал убакта кичинекей болуп маани бербесем керек, бирок таасири ушул күнгө чейин калды. Таш менен иштеп баштаганыма 14 жылдай болуп калыптыр.

- Сиздин азыркы тарткан эмгектериӊиз таштан алынган. Алар көрүүчүлөргө кандай таасирин тийгизгенин байкап жүрѳсүзбү?

- Адамдар ар кандай көз караш менен карайт экен. Кимдир бирөө тартканыӊды жактырбагансып караса, кимдир бирөөнө абдан жагат. Айтор, менин тарткандарым көбүнесе чет өлкөгө сатылып кетчү болду. Туристтер кѳп каттайт. Кээде келишет да, кайсы бир сүрөттү баса калып соодалашат да, алып кетишет. Кѳрсѳ, ар бир сүрөттүн ээси болот экен. Мен тарткан сүрөттөрдүн бардыгынын эле ээси мен боло бербейт экем. Сүрөттүн ээси табылса, баары бир ошого чап кенедей жабышып, алып кетет экен. Мисалы, бир топ мезгилге чейин анча кѳңүл бурулбай тура берген сүрѳттѳр болот, анан эле ээси пайда болсо – айланчыктап эле ошого жүрѳгүн арнап, кѳзүн албай, мен «макул, ала бер» демейинче карап тура берет.

Негизи, табияттын сырларынан тартылган бул сүрөттөрдүн тартылуу күчү бар. Биз элдерди кыргыздын руханий дүйнөсү менен тарбиялай турганга күчүбүз жетерине мен ынандым. Ар бир сүрөттүн өзүнүн күчү, айтайын, жеткирейин деген ою бар. Адам ошол таасирди сезип өзгөрөт. Табиятты сезиш керек. Аны жөн гана көз менен карап сырткы кооздугуна суктануу жетишсиздик кылат. Сулуулукка сезим менен сүӊгүп кирүү – чыныгы ажайыптуулукка алып барат. Адамдын рух жашоосу келип ташка чегилип калганы абдан кызык. Таш качан пайда болгон – мага ошонусу чоң табышмак…

- Таштарды кантип окуйсуз, аталышын кантип коёсуз?

- Ташты колго алганда эле аталышы сезимимде пайда болот, аны менен образы кошо келет. Таштын өзүндөгү сызык-чийиндер, темгилдер, даана сүрөттөр, андагы тактар ар нерсенин, буюмдун, канаттуулардын, жаныбарлардын, курт-кумускалардын, адамдардын элестерин, кызыктуу окуяларын, тарыхын, символдорун чагылдырып, эӊ кызыктуу маалыматтарды берип турат.

Таш –жансыз, кыймылсыз жаткан, билинбей жашоо өткөргөн, жаратылыштагы катуу зат. Формасы, өӊү-түсү жагынан ар түрдүү, жаратылышта өзгөчө орду бар керемет. Түрдүү формадагы таштардан жаратылыштагы кубулуштарды, элестүү окшоштуктарды да байкаса болот.

Сүрөтчү катары таштагы кереметти сезип, көрүп, кагаз бетине чечмеленишин түшүрө берем. Алгач таштагы образды түзѳм, анан маанисин окуйм, андан соң сезимим менен жазам, тартам. Албетте адамдар таштагы элестерди ар түдүү элестетип көрө алышат. Таштагы сүрөттөр ошонусу менен кызыктуу…

- Демек сиз таштарга тирүү мамиле жасайт экенсиз да?

- Ооба. Таштар мен үчүн табияттын тирүү керемети. Дүйнөдө сан жагынан таштар көптүк кылат. «Дүйнөдө таштар дагы астейдил өмүр сүрөт» деп жазган экен залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов. Таш тоголок, жерде жатат, сууда жатат, тоодо жатат, жөнөкөй адамга жөн эле таш көрүнөт. Көпчүлүк аны байкабайт. Бирок, колго алып, айлантып карап, бетине үңүлсѳң – укмуш кереметти көрө аласың. Бул – Кудайдын адамдарга таш аркылуу берген сыры. Кайсыл жерге барбайын сөзсүз бир таш таап келем, бош келбейм.

Ата-бабаларыбыздын жаратылышка болгон ыйык мамилеси жана алардын «жер-сууӊдан, тоо-ташыӊдан айланайын» деп бата берүүсү бекер жерден эмес. Экологияны ыйык сактоо тарбиясы, жаратылыш менен тыгыз байланышта болуу, аны сактоо жана адам жашоосу таштарда баяндаларын унутпасак. Таштарды баалап, көӊүл буруп, кооздугуна суктанып, ой жүгүртүп байланыш жасоо – адамга ырахат, жылуулук тартуулайт.

КУТ КЕЛДИ

Айрым таштардан кадимкидей эле түрдүү жазууларды дагы таап окууга болот. Маселен, бир таш бар, бетинде «ут» деп жазылган. Анан суроо туулат, эмнени утуш керек деп. Анан дагы карай түшсөӊ «кут» деген жазууну окуйсуӊ. Кѳрсѳ, биз бул жашоодо убакытты утушубуз керек экен. Ѳткөн ишке өкүнѳ бербей, максатыӊа ийгиликтүү жетүү үчүн убакыттан уттурбаш керек. Убакытыӊды максатыӊа ылайык өткөрүү – бул, убакытты текке кетирбей утуу деген сөз. Утуп алган убакытыӊ сага кут болот. Кутту алып Теӊирге ыраазычылык билдирсеӊ жакшылыгыӊ эки эсе көбөйөт. Башка өӊүтүнөн карасаӊ, бул таштан текенин сүрөтүн көрүүгө болот. Теке – байлыктын символу. Бул таш мына ушуларды айтат.

АКЫЛ КЕНЧИ

Адам агарганда ага акыл келет. Сөздүн күчүнөн ойдун күчүнө өткөндө шамбалага эшик ачылат. Байыркы элдерде акылмандуулук болгон. Ошого жетүүгө мына биз аракет кылышыбыз керек. Түшүмө ар дайым калпак тоо кире берчү. Көрсө ал Кайлас тоосу экен Тибеттеги. Кайластын бетинде кыргыздарда күндүн символун билдирген жагалмай тамга свастика уюп жатат. Ал төгөрөктүн төрт бурчун кыдыруу, тынымсыз кыймыл дегенди билдирип, кубат алуу, жашоо дегенди түшүндүрөт.

ЫЙЫК-КӨЛ

Бул таш мен үчүн өтө ыйык. Бул ташты таап колго алганда, Ыйык-Көл элеси деп кайта-кайта сезимиме келе берди.

ЖЫЛАН

Биз адамдар жылан сымал ийрилип жашайбыз. Биздин байлыгыбыз көп жана акылыбыз кенен, ортодо болгону тоскоолдуктарды жеӊүү керек –бул ташта мына ушул айтылат. Акылыбызды пайдаланбай азыр биз жерди карап турган чагыбыз. Таш бетине түшкөн жыландын эки ачакей тилинин өйдө карап турганы жакшы болду, эгер ылдый карап калганда, уугуп жаман болмокпуз. Тил асманды карап өйдө бурулуп турганы жакшы төлгө, бул багыт алуу деген сөз. Буйруса, кыргыздын жолу жакшыга барат. Бул таш Жылан жылында табылган.

КАДЫР ТҮН

Орозо маалында табылган таш. Таш бетинде сегиз формасындагы белги турат, ошол сегизди жандап турган чийинди көрөсүздөр, ошол чийин белгисиз бир күч катары ылдый карай түртүлгөндө – сегиздин кайчылашкан жери ачылат экен. Бул – бейиштин эшиги деп айтылат. Анан ошонун ортосунда Теӊир деген сөз бар. Теӊир деп рун тамгасы менен кадимкидей жазылып турат.

БАБАЛАР БАЯНЫ

Үйдүн төрү аксакал. Атага бардыгыбыз ылдый жүгүнүп сый-урмат көргөзөбүз. Көргөзүлгөн сыйга бата тиет.

ЖОЛУГУШУУ

Семетейдин Чыйырдыга жолукканы. Ташта элечекчен аял отурат. Ары жагында бет маӊдайда келе жаткан атчан – Семетейдин элеси. Таштагы кара-көгүш түс – бул кусалыктын түсү. Неберемди көрсөмбү деген кусадагы Чыйырды алдыга карай талпынып отурганы түшүрүлүп турат.

БИЙЧИ КЫЗ

Бул таштагы образ абдан кызыктуу. Жөнөкөй таштагы сүрөт – бийчи кыздын элеси. Кыймылы даана байкалат. Бий кыймылы, көйнөгү кыздын келбетине жарашып көрктүү көрүнөт. Бул көрүнүш бийчи кыздын кооз, сулуу бейнесин берди.

ЧЫӊГЫЗХАНДЫН АК БУЛУТУ

Ушул ташты караганда эле эненин образдуу сүрөтү даана көрүнөт. Адегенде сезимге Умай эне деп келди. Сүрөтүн тарта баштаганда бооруна бала кысып алып отурганы даана билинди, төбөсүнүн сол жагындагы кичине ак так өзүнчө бир белги экенин сездим. Сүрөттү тартып бүткөндөн кийин «Чыӊгызхандын ак булуту» деп атадым. Таштын формасы да, түсү дагы өтө таасирдүү. Эне таштын үстүндө баланы бооруна алып отурат. Жону кызарып турганы – эненин мээримдүү экенин билгизет. Ташты тегеретип аркы бетин караганда – эненин ыйык касиети даана билинет. Ошондуктан бул таш мен үчүн кереметтүү, образдуу таштардын бири болуп саналат.

АЛМАНБЕТТИН ЭРДИГИ

Алманбет аттын үстүндө ажыдаарды найза менен сайып жаткан кези

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, Бишкек-Бѳкѳнбаев

Ссылка на оригинал публикации : kok-asaba.journalist.kg