Последние публикации

Абдылдаев: Кыргызстан медициналык өнүгүүдө 80 жыл артта калган

Абдылдаев: Кыргызстан медициналык өнүгүүдө 80 жыл артта калган

Кыргызстан медициналык өнүгүүдө 80 жыл артта калган. Себеби аталган тармакта ар бир 30 мүнөттө жаңылык болуп турат. Бул боюнча Улуттук онкология борборунун мурдагы жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү медициналык абал эң төмөн чекке түшкөн. Орусиянын мыкты медициналык борборлору да өнүгүүдө 50-60 жыл артта калган. Кыргызстанда колдонулган дарылоо ыкмасы эскирген. Ал эми окуу жайларда акканды дарылоодо 1969-жылы ойлонулуп табылган схема окутулат.

Учурда биотехнология боюнча АКШнын клиникаларынын биринде иштеп жаткан Абдылдаев Америкада жыл сайын билимди жогорулатып, аны тастыктап туруу зарыл экенин белгилейт.

«Өнүккөн өлкөлөрдө чоң конференцияларга катышуу милдеттүү. Жакында 50 миң профессор катышкан жыйын өтөт. Алар айткан жаңылыктар дүйнөгө 10 жыл аралыгында чыгат. АКШда мыйзамдын күчтүүлүгүн сездим. Кыргызстанда иштеп жатканда акыркы жылдары 36 жолу текшерүү келген. Америкалыктар салык төлөөгө өздөрү кызыктар», — дейт Абдылдаев.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg