Последние публикации

Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте 26-майда тогуз коргоол боюнча балдар жана кыздар арасында “Улуттун баалуулугу” эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу Bishkek Park соода-оюн зоок борборунун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, “Бишкек парктын” жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын колдоосу менен КРнын тогуз торгоол федерациясы иш-чаранын уюштуруучулары катары чыгат. Оюндар Энелер күнүнө арналатып, ага 8-14 жашка чейинки балдар катышат.

Мындан тышкары, III үйнөлүк көчмөндөр оюнунун спорттук улуттук оюндар түрү боюнча фестиваль уюштурулат. Анын алкагында армрестлинг, мас-рестлинг, ордо, союл тартыш, тогуз коргоол жана мангал боюнча оюндар жана масстер-класстар өткөрүлөт.

Иш-чара Бишкек парк соода борборунда саат 11:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg