Последние публикации

Нурушев: Билим — өмүр бою сенде калчу капитал

Нурушев: Билим — өмүр бою сенде калчу капитал

«Марал» радиосунун «Интеллектуалдар ордосу» уктуруусунун бул жолку коногу кыргыз элинин заманбап журналисти, публицист Эсенбай Нурушев болду. Аны менен өлкөдөгү интеллектуалдардын орду, алардын коомдогу жоопкерчилиги жана чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

— Интеллектуалдар кимдер жана алардын коомдогу жоопкерчиликтери кандай?

— Интелектуал – өз акылын сатып жан баккан катмар. Биз интеллектуалдарга көркөм, саясий интелегенцияны кошуп коёюуз. Тагыраагы СССР убагынан бери интеллектуал десе жалаң интелегенцияны түшүнөбүз. Бирок айырмалай турган убакыт келди. Интеллектуалдар — элди эл кылган, маданиятты маданият кылган адамдар. Тарыхта алар эч бир партия же лидерлерге көз каранды болгон эмес. Ал үчүн таяк да жешкен. Мисалы, Сократты жаңы Кудай ойлоп тапты дешип өлүм жазасына тартышкан. Аристотельди болсо карыган кезде шаардан кубалап чыгышкан.

Байкасаңыз, интеллектуалдарды көзү өткөндө баалайт экенбиз. Маселен, Чыңгыз Айтматовду да көзү тирүү кезинде эч ким баалаган жок. «Дипломат катары башка жакта жүрөт, Кыргызстанга келбейт» дегендей сындар айтылды. Качан гана көзү өткөндө улуу жазуучу болгонун сезип отурабыз. Интеллектуалдар өзүнүн заманынан озуп кеткен адамдар болушат. Андыктан алардын пикири убагында кабыл алынбайт. Алар айткан ойлор өздөрү бул дүйнөдөн өткөндө гана туура чыгып, актуалдуу болот. Башкача айтканда, интеллектуалдарды коом учурунда түшүнбөйт.

— Азыр карап көрсөк, өлкөдө олку-солку тартыш болуп жатат. Кыргызстанга идеология керекпи? Эгер керек болсо кандай болушу зарыл?

— Алсак Карл Маркстын “Немец идеологиясы” деген көлөмдүү эмгеги бар. Анда ал идеологияга тескери баа берген. Биринчи кезекте курсагыбыз ток, көңүлүбүз жай жашашыбыз керектигин айтат. Идеологияны бурмаланган аң-сезим катары баалаган. Карл Маннгейм идеология жөн эле элдин башын айлантыш үчүн ойлонуп табылган тушүнүк экенин белгилейт. Мангеймдин пикиринде, идеологияларды партияларга бериш керек. Улуттук идеология улуттун ысымы менен тыгыз байланышта. Кыргыз идеология чыгарса болот. «Манас» эпосунда кыргызды да, калмакты да, кытайды да «Манастын эли» деп берген. Элге кыргыздар кайдан чыкканын, эмне үчүн бөлүнбөш керектигин түшүндүрүп жеткиргенибиздин өзү идеология. «Манас» эпосунда кыргызга байланыштуу идеология жайнайт. Эпосто Манастын башка улуттан аял алганы жөн жерден эмес. Анын артында айтылбаган кеңеш бар экенин изилдөө аркылуу идеологояларды аныктаса болот. Башка элдин каны аралашса улут мыкты болоорун илим да далилдеп жатат. Ошондо маданият аралышып, урпак байыйт. Дүйнөдө байыркы маданиятын сактап калган бир да эл жок. Баары жаңыланган, маданиятка жаңы элементтер кошулган.

— Коом адамдардан куралат. Сиздин чыгармаларыңызды карап көрсөк, терең инсан таанууга арналган жазууларыңыз көп кездешет. Инсан деген түшүнүк эмне?

— “Инсан” деген кыргыздын сөзү эмес. Ал адам дегендей эле маанини билдирет. Алгач адам кандай болуш керек деген суроого токтололу. Акыркы убакта адамдардын пейли бузулганын, асыл сапаттардан алыстап бара жатканыбызды айтып, кейийбиз. Менин оюмча, бардык заманда алдыңкы муун ушинтип кийинки муунга нааразы болушат. Кааласак да, каалабасак да жаштар акылдуу болот. Анткени турмуштун агымы ошого жетелеп бара жатат. Заманга ылайык жашагысы келген инсан күн сайын 3 маал тамак ичкендей эле үзгүлтүксүз билим алып турушу зарыл. Жаңы технологияларды үйрөнүп, китеп окуш керек. Акыл-эсин, өзүн-өзү өстүрүүнү каалагандар жогоруда айтылгандарга умтулушу кажет. Билим — өмүр бою сенде калчу капитал. Аны мамлекет да, башка бирөө да тартып ала албайт.

— Китеп окуу тууралуу сөз ачылып калды, өзүңүз редактор, жазуучу болуп эмгектенип жүрөсүз. Эми айтсаңыз, жазылмалардын, макала, аналитикалардын деңгээли кандай?

— “Журналистикада эч кандай принцип жок. Мен эмнени ойлосом аны каалагандай айтышым керек. Бул багытта мага эч нерсе тоскоол боло албайт” деген түшүнүк пайда болду. Мындай ой алгач Америкада жаралган. Массалык маданияттын агымы катары бизге да келди. Өзгөчө кыргыз гезиттери саясатчыларды, сындап, далилсиз эле божомолдор менен аналитика жасап коюшат. Аны орточо арифметикалык калк жата калып, кызыгып окуйт. Коом ага ишенип, уу-дуу кылып жиберет. Бул жалпы маданиятка катуу таасир берип жатат. Кыргыздын илгертен бери келе жаткан үрп-адатын, баалуулуктарын айырмалай албай калдык. Алтайга барган да, Монголияга барган да “биздин бабалар ушундай болгон экен” дешип бир нерсени көтөрүп келет. Албетте, көчмөндөр жер каймактаган маалда бир болушкан. Акырындан таралып отуруп, бөлүнүп кетишкен. «Улутубузду жоготпойлу» десек баалуулуктарбызды таанып билели. Ал үчүн биринчи кезекте интеллектуалдар жол көрсөтүп, талдап бериш керек. Бул да идеологиянын бир бөлүгү болушу кажет.

— Жеке интеллектуал, аналитик катары калыптанууңузга таасир эткен факторлор тууралуу айтып берсеңиз…

— Бала кезден тарта китепке кызыгып, көп окудум. Алышка суу бурганы барсам да китеп окуп отура берет элем. Үйдөгүлөр мени издеп калышат эле. Кыргыздын көп кишилерине карыздармын. Жээнбей Мукамбаев деген атактуу тилчи бир топ редакциялар менен тааныштырды. Алгач “Ленинчил Жаш” кийин “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштедим. Чогуу иштегендердин тажрыйбасын, дүйнө таанымдарын үйрөндүм. Өзгөчө Салижан Жигитов көп кеңеш берди. Адамда илимдин-билимдин чоң кору болуш керек. Ал эч качан кор кылбайт.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg