Последние публикации

Салык кызматы бир ай ичинде 261 рейд өткөрдү

Салык кызматы бир ай ичинде 261 рейд өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы бир ай аралыгында Кайгуул милициясы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 261 рейд өткөрдү, анын ичинен 27си массалык маалымат каражаттары менен биргеликте уюштурулган.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 1 млн 389,5 миң сом өлчөмүндө 811 субьектке административдик айып салынган. Алардын ичинен 919 миң сому бюджетке өндүрүлгөн.

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктады.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет.

Салык кызматы унаа салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлерин азыр дагы төлөөгө чакырат.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg