Последние публикации

Аскерге чакырууда “соттуулугу бар”, “саламаттыгы боюнча” деген критерийлер алынат

Аскерге чакырууда “соттуулугу бар”, “саламаттыгы боюнча” деген критерийлер алынат

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында жалпыга бирдей аскердик милдет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда каралып, жактырылды.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Тынычбек Эрматовдун айтымында, мыйзам аскерге жана альтернативдүү кызматка чакырууда коррупциялык жагдайларды четтетүүгө багытталган.

Маалыматка ылайык, мыйзамда аскерге чакырууда “соттуулугу бар”, “сак-саламаттыгы боюнча” деген критерийлер алынып салынууда. Ошондой эле, Маңзаттарга көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматтын жоюлгандыгына байланыштуу түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Талкуудан соң мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg