Последние публикации

АК-БУУРА АРКЫЛУУ ӨТКӨН ЖАҢЫ КӨПҮРӨ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

АК-БУУРА АРКЫЛУУ ӨТКӨН ЖАҢЫ КӨПҮРӨ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

Бул көпүрө Ак-Буура дарыясынын эки жээгиндеги Сай бою менен Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирип турат. Калаа тургундарынын ары-бери үзгүлтүксүз ээн-эркин каттосуна эми анык шарт жаралды.

— Аталган көпүрөнүн узундугу 45, туурасы 15 метрди түзөт. Ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метр. Анын ыкчам жана сапаттуу курулушуна 21,2 миллион сом сарпталды, — деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаков.

Көпүрөнүн ачылыш аземине расмий өкүлрдөн тышкары жергиликтүү жашоочулар дагы активдүү катышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Ссылка на оригинал публикации : aimak.kg