Последние публикации

Бажы биримдиги багыбызды ачабы?

Бажы биримдиги багыбызды ачабы?

Кыргызстанда мындан эки жыл мурда демилгеленген Бажы биримдигине кирүү маселеси кайрадан козголду. Ушул тапта аталган биримдикке кирүү тууралуу даярдыктар көрүлүп, келерки жылдан баштап мүчө болору тууралуу саясий чечим кабыл алынды. Бирдиктүү экономикалык алкакка кирүүнүн ыңгайлуу жолу катары сыпатталган бул үчилтикке кошулуу боюнча коомчулукта бирдиктүү пикир жок. Айрымдары Бажы биримдигине кирүүнүн пайдасынан зыяны көп дешсе, кээ бирөөлөрү бул пикирге каршы жүйөсүн билдирип келе жатышат.

Максат бир, пикирлер ар башка

Бул маселе жакында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономикалык башкы багыттар боюнча комиссиянын мүчөсү Татьяна Валовая Кыргызстанга келген иш сапарында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен бул маселе талкууланды. Кыргыз расмийлери биримдикке кирүүнүн алкагында, ириде, улуттук кызыкчылыктар корголушу керек деген жүйөөнү карманышууда. Өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдиев Татьяна Валовая менен жолугушуу учурунда «Кыргызстандын Бажы биримдигине интеграциялануу процесси улуттук кызыкчылыктарды сактоонун шартында экономикабыздын Россия, Казакстан жана Беларусь экономикасына «чөгүп кетпеген» шарт түзгөн жагдайда жүргүзүлүшү керек. Бул жерде бир гана экономикалык пайда эмес, КМШны андан ары интеграциялоо менен байланышкан саясий кызыкчылык да маанилүү болушу керек. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн Жол картасын иштеп чыгууда өндүрүштүк, инвестициялык жана ички максаттарда бажы төлөмүн сактап калуу үчүн товарлардын тизмесин макулдашуу керек», - деди.

Расмий бийлик Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктарын байма-бай айтып, Кыргызстан үчүн бир топ оң жагдайлар түзүлөрүнө үмүт артса, адистер муну “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” таризинде сыпатташууда.

Экономика илимдеринин доктору Ж. Акенеев Бажы биримдигине кирүүдө кыргыз экономикасы үчүн бир топ ыңгайлуу жагдайлар түзүлөрүн айтып, мындан чочулоонун кажети жок дейт. “Экономикалык жактан алып караганда, биздин алакабыздын 80% Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болуп жатат. Экспорттук потенциалыбыз ошол жакка барып, өз ордун табууда. Бажы биримдигинин өз келишими бар. Биз алып-сатарлык менен алектенбейбиз, Бажы биримдиги өзүбүз өндүргөн товарларды экспорттогонго шарт түзүп берет. Чек араларыбыздын баары жабылды. Товарларыбыз өтпөй калды. Сүтүбүздү албай жатат. Бажы биримдигине киргенден кийин бул жааттагы көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет. Бүгүнкү күндө сыртта 700 миңдин тегерегинде эмгек мигранттары жүрүшөт. Бажы биримдигине кирүүнүн дагы бир жакшы жагы – мекендештерибиз Орусия, Казакстан, Беларусь мамлекеттеринде ошол жактын жарандары сыяктуу өз кесиби боюнча жумушка орношуусуна мыкты шарт түзүлөт. Келишимде бул маселе каралган. Мурдагыдай жогорку билимдүүлөр ал жакка барып көчө шыпырбай, мугалими мугалим, дарыгери дарыгер болуп иштегенге жол ачылат”, - дейт Ж. Акенеев.

Ошол эле учурда бул кадамдан, ириде, экономикалык ыңгайлуулуктан да саясий кызыкчылыктын кулагы көрүнүп турганын жашыргандар да жок эмес. Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси М. Намазалиев муну төмөнкүчө тастыктады. “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык эсептер аркылуу эмес, саясий өңүттөн улам болуп тургандыгы айкын. Себеби Бажы биримдигинин айынан импорттук салыктардын, алымдардын пайызы бир кыйла көтөрүлөт, ошол эле Кытайдан келип жаткан товардык позицияларга салыктарды эсептөө механизми дагы өзгөрөт. Булардын бардыгы баалардын өсүшүнө алып келет. Кээ бир товарлардын баалары бир нече эсе өсчү болсо, кээ бирөөлөрү 20-30% дагы өсүшү күтүлүүдө. Бул жарандарыбыз үчүн жакшы жышаан эмес, тескерисинче, кийим-кече, жаңы технологиялар, жабдуулар ж. б. у. с. товарлардын бааларынын кымбаттоосу өзгөчө жакыр элдин капчыгын талкалайт. Анан дагы Орусия, Казакстан, Беларусь мамлекеттери дүйнөлүк соодада 2 пайызды гана ээлешет, ал эми Кыргызстандын жаңы сатуу маркеттерди ачып, дүйнөлүк соодага терең аралашуусу биздин атаандаштыкка туруктуулугубузду жана калкыбыздын бакубаттыгын өнүктүрмөк. Ал эми Бажы биримдиги менен биз протекционисттик, өзүнүн АвтоВАЗга окшогон заводдорун коргогон коомго киребиз да, тышка чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздү азайтабыз”.

Бажы биримдигинин баяны

2010-жылдын башынан тартып Орусия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн ортосунда Бажы биримдиги иштей баштаган. Ал эми Кыргызстан 2011-жылдын апрель айында Бажы биримдигине кирүү тууралуу арызын жолдогон.

Орусия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрү кирген бул биримдиктин “шарапаты” менен аталган өлкөлөрдүн ортосунда бажы, товарга кошумча төлөмдөр тууралуу сөз болбойт.

Артыкчылыктары

Аталган үчилтиктин арты менен, ириде, Кыргызстандын экономикасы, анан калса эли үчүн жайыл дасторкондун чети гана ачылбастан, Орусияда иштеп жүргөн миңдеген мекендештерибизге да жеңилдиктер болору айтылууда. Мындан сырткары:

- Кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюлуусу;

- Эмгек мигранттарынын тоскоолдуксуз жүрүүсү;

- Кытайдан арзан баадагы кездемелер келе турган болсо, тигүүчүлөрдүн саны өсөрү күтүлүүдө.

Бирок...

Ансыз да экономикасы алсыз, тышкы соодада экспортунан импорту көп Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Анткени:

- чет өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлардын баасы кымбаттайт;

- тышкы экономикалык байланыштарды да өз алдынча жүргүзө албай калышы ыктымал;

- азык-түлүк, жашылча-жемиштердин наркы кескин жогорулайт;

- Кытайдан келген товарларды реэкспорттоо же алып сатуучулук азаят;

- авто унааларга болгон нарк дароо көтөрүлөт;

- Дордой, Кара-Суу сыяктуу ири базарларда соода төмөндөйт;

- Дүйнөлүк соода уюмуна айып пул төлөп калуу коркунучу келип чыгат;

- Бажы уюмунун 92% бириккен бажы тарифтери Орусиянын тарифтерине негизделген. Кыргызстандагы орточо бажы тарифтеринин ставкасы 5,1% болсо, Бажы союзунуку 10,6%. Ар кыл изилдөөлөргө таянсак, импорттук товарлардын баалары 10%дан 100%га дейре көтөрүлүшү мүмкүн.

Кызыкчылыктардын кыйырында

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса да, кошулбаса да залал тартары айтылып жүрөт. Анткени кошулган күндө да айрым экономикалык артыкчылыктарга ээ болгону, кошулбай койгондон улам тарта турган “саясий зыяндын” алдында арык аттап, суу кечпей калуу ыктымалдуулугу жогору. Бажы биримдигине Кыргызстандын керек болуп жатканы өз кызыкчылыктарын коргоодо оңтойлуу экендиги турулуу иш. “Бул үчилтикте 57% добушка ээ Орусиянын алдында 6%ы бар Кыргызстан кайсы ата мекендик өндүрүшүн коргоп алмак эле?” деген бүдөмүк суроо туулат. Бул алкакта алып караганда, Бажы биримдиги экономикалык ыңгайлуулукка караганда саясий максатты көбүрөөк көздөп жатканы көрүнүп эле турат.

Жыйынтыктап айтканда, кийинки кадам Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой ала тургандай деңгээлде жүргүзүүдөн көз каранды.

Кыргызстандын Бажы биримдигинен утары жана уттурары эмне?

Абдувахаб Нурбаев, Ош шаардык ишкерлер союзунун төрагасы:

- Бажы биримдигине кирүүгө биздин өкмөт өтө катуу шашылып жатат. Мында “жети өлчөп, бир кесип” терең акыл калчашыбыз керек. Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын ишкерлерине кандай шарттар түзүлөт, кайсы шарттын негизинде иштейт? Бул тууралуу бир дагы ачык-айкын маалымат жок. Өкмөт өзү эле алдыда жүгүрүп бара жаткандай таасир калтырууда. Эл менен сөзсүз эсептешүү керек. Азыр мурдагыдай беш-алты аткаминер чечип коё турган заман эмес. Бул багыт азыр ишкерлер үчүн бүдөмүк. Ар бир мамлекеттин экономикасынын негизги локомотиви – ишкерлер. Негизги оорчулук ишкерлерге түшөт. Муну шашпай, ишкерлер менен толук аныктап, шарттарын жарыялап, бул жагы утуш алып келет, бул жагы тескерисинче болот деп ачык эле айтып, эл менен кеңири талкуулоо зарыл. Мына ошондон кийин гана чечим кабыл алуу керек.

Шамшыбек Эргешов, Ош Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы:

- Адегенде биз өндүрүштү өркүндөтүшүбүз керек. Анткени биз алып-сатарлык менен жашап келе жатпайбызбы. Биздин алар менен теңтайлаша турган өндүрүш ишканаларыбыз жок. Кайра эле Орусия, Казакстан же болбосо Беларусь Республикасы чыгарган товарларды сатып алып, ошолордун азыгы менен жашап калышыбыз ыктымал. Өндүрүшүбүз өтө эле алсыз, жогорудагы мамлекеттердин өндүрүшүнө туруштук бере албайт. Барып-келип эле баягы чоң киттерге жем болгон балык болуп калабыз. Кире турган болгон күндө дагы өзүбүздүн ички өндүрүшүбүздү өркүндөтүшүбүз зарыл. Анын үстүнө ал жерде Кыргызстандын үлүшү өтө эле аз. Биздин айткан сөзүбүздүн эч кандай мааниси болбой калат, бара-бара соода жүргүзүүдөн да ажырап калышыбыз мүмкүн. Анткени биздин үлүшүбүз ошого жараша болуп жатпайбы. Дагы бир терс жагы – жашоо стандартыбыз көтөрүлөт. Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө баа көтөрүлөт дагы, ага биздин жашоо стандартыбыз, маселен, алган айлыгыбыз, пенсия ж. б. туура келбейт.

Азамат Акелеев, серепчи:

- Бажы биримдигине кирүү тууралуу бир беткей пикир айтуу кыйын. Анын оң жана терс жактары, ошол эле учурда бир топ потенциалдуу пайдалар жана тобокелдиктер бар. Пайдасы – бирдиктүү базар жана анын көлөмү, келе турган инвестициялар, миграциянын жеңилдеши жана туристтердин көбөйүшү. Бирок тобокелдиктер, менин оюмча, бир топ олуттуу. Анткени техникалык себептер менен Бажы биримдигинин мүчөлөрү биздин экспортту каалаган учурда бууп коё алышат. Баалар дароо 30-40% өсөт. Дордой, Кара-Суу базарлары жабылат, жумушсуздук күчөйт. Инвестициялар дароо келбейт, демек, жумуш орундары, кирешелер да дароо түшпөйт. Буга бир топ убакыт керек. Ал арада абал кыйындап, миграция күчөйт, социалдык чыңалуу пайда болот. Биз Бажы биримдигине арзан жумушчулардын булагы катары бекип калышыбыз мүмкүн. Жети жылдан кийин Россия Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү болот, Казакстан да ал арада кирип калат. Мында Бажы биримдигинин мааниси таптакыр жоголот.

Назгүл Бостонбаева

“Шоокум”, апрель, 2013-жыл