Последние публикации

Нарын.Нарын шаардык соту тарабынан Азиз Батукаевге карата чыгарган токтому

Нарын шаардык сотунун 2013-жылдын 9-апрелиндеги токтому менен №24 мекемесинин /Сизо-4/ жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучусу Т. Абылгазиевдин сунушу канааттандырылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247-ст. 2-б., 250-ст. 2-б., 241-ст. 2-б., 4-б. 242-ст. 2-б. 1-п., 233-ст. 3-б. 59-60-ст.ст. колдонуу менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркиндигинен ажыратылып соттолгон Батукаев Азиз Алашевич 8 жыл 3 ай 7 күн өтөлө элек жаза мөөнөтүнөн катуу ооруга чалдыкканына байланыштуу жазаны андан ары өтөөдөн бошотулган.

Иштин жагдайлары жана токтомдун чыгарылышына төмөндөгүлөр негиз болгон:

№24 мекемесинин /Сизо-4/ жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучусу Т. Абылгазиев сотко сунушу менен кайрылып, сунушунда – Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247-ст. 2-б., 250-ст. 2-б., 241-ст. 2-б., 4-б. 242-ст. 2-б. 1-п., 233-ст. 3-б. 59-60-ст.ст. колдонуу менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркиндигинен ажыратылып соттолгон Батукаев Азиз Алашевич катуу ооруга чалдыкканына байланыштуу жаза өтөөдөн бошотууну сураган.

Нарын шаардык сотунун соттук отурумунда соттолгон А. Батукаев – сунушту колдоорун билдирген, №24 мекемесинин өкүлү Т. Абылгазиев – келтирилген сунушту канааттандырууну сурап, соттолгон А. Батукаев катуу ооруга чалдыкканын, ага карата диагноз коюулуп врачтар комиссиясынын корутундусу чыкканын, бүгүнкү күндө өтө элек жазанын мөөнөтү 8 жыл 3 ай 7 күн түзөөрүн көрсөткөн, иш боюнча катышкан прокурор К. Жуматаев сунушту канааттандыруу сурап, соттолгон А. Батукаевди оорусуна байланыштуу жазадан бошотууну сураган, ал эми атайын медициналык комиссиясынын корутундусун берген мүчөлөрү А. Асанов, Д. Бегалиев, С. Узакбаев, К. Бектемиров жана №24 мекемесинин дарыгери М. Кайкиева соттолгон А. Батукаевге карата корутунду туура чыгарылганын, анын оорусу диагноз менен тастыкталганын айтышкан.

Ишке тиркелген СВТЭКтин 2013-жылдын 28-мартындагы жана СМКнын 2013-жылдын 30-мартындагы корутундуларына ылайык соттолгон А. Батукаевге карата «Острый лейкоз» диагнозунун негизинде жазадан бошотулушу мүмкүн деген тыянак берилген.

Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 363-статьясынын талабына ылайык, соттолгон адам жазаны өтөөнүн убагында жазаны өтөөгө жолтоо кылуучу жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса, сот өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-ноябрь 2011-жылдагы №745 Токтому менен бекитилген тартипке ылайык соттолгон А. Батукаевдин оорусу жаза өтөөдөн бошотууга негиз болот.

Айтылган себептердин негизинде Нарын шаардык соту тарабынан жогорудагыдай токтом кабыл алынган.

Батукаев Нарындагы СИЗО-4 мекемесинде кармалып турганда алынган эксклюзивдуу маегин бул жерден окунуздар Азиз Батукаев быйыл мартта түрмөдөн чыгабы?

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg