Последние публикации

Нарын. Нарында койдун күл оорусуна каршы вакцинаны мал ээлери өздөрү сатып алышууда

Нарын облусунун Кочкор жана Нарын райондорунда койдон күл оорусу катталып, ага вакцинаны мал ээлери өздөрү сатып алышты. Алсак Нарын районунун малчылары 30 миң доза сатып алышса, Кочкор районунда 9 миң 716 доза сатылып алынган. Себеби Каржы министирлигинен каражат бөлүнбөй тендер өтпөй жаткандыктан, облуска керектеле турган 900 миң доза вакцина келбей малчылар вакцинаны сатып алууга туура келүүдө -, деп билдирди Мамлекеттик ветеринариянын алдындагы Нарын аймактык ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Калыбек Мүсүралиев. Аталган ооруга каршы эмдөө өткөн жылдын жаз айында жүргүзүлгөн, ал иммунитет бир жылга эле сакталат,-дейт ал. Ошондой эле К.Мүсүралиев “ветеринарияга бир эле бирдиктүү ветеринардык система керек. Бизде бирдиктүү система болбогондуктан эл да кыйналып жатат. Мурда айыл чарба министирлигине карасак азыр Өкмөттүн алдындагы фито санитардык инспекцияга карап калдык, бирок тармактык структурабыз бекий элек, үч жылдан бери ушундай абалда чайналып жатабыз, бизге жооп берген бир эле башчы керек”,-дейт.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg