Последние публикации

Баткенде сынактын жыйынтыгы боюнча 15 адам ажыга бекер бармай болушту

Баткен, 6-май /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. Баткен шаарында «Мухамедд Пайгамбардын өмүр баяны» боюнча уюшутрулган сынакка област борборунан жана Баткен районунун аймагынан 550 гө жакын жарандар катышты. Бул маалыматты Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Сайтмырза Имаров билдирди.

Баш байге 880 миң сомду түзүп, 10 кишиге ажылык сапарга баруу, ал эми 5 кишиге Умра кичи ажыга аттанууга мүмүкүнчүлүк түзүлгөн.

Сынак Ислам Университетинин, мамлекеттик дин коммисиясынын жана бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен уюштурулган. Республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткан сынакка облус борборунан жана Баткен районунан 550гө жакын жаран катышты.

«Муххамед Пайгамбардын өмүр баяны» боюнча өткөрүлүп жаткан сынакка келген жарандардын жашы чектелген эмес. Катышуучулардын айтымында алдынкы орунду камсыз кылуу биринчи максатыбыз эмес дешет. Ар бир мусулман Муххамед Пайгамбардын өмүр таржымалы жана анын жасаган амалдары тууралуу билүүсү шарт экендигин кошумчалайт алар.

Ссылка на оригинал публикации : kabar.kg