Последние публикации

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 13 жаштагы кыз табылды

Чүй облусуна караштуу Алмүдүн районунун Бакай-Ата конушунда кечээ, саат 12:05де Чоң Чүй каналындан куткаруучулар тарабынан 2002-жылы туулган Бактыбек кызы Айтургандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 19-апрелинде саат 17:41 чамасында Бакай-Ата конушунда Чоң Чүй каналына 10-11 жаштагы аты-жөнү белгисиз кыз сууга түшүп, агып кеткен. Окуя болгон жерде ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын жана Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

Ссылка на оригинал публикации : de-facto.kg