Последние публикации

Башкы прокуратура Бакиевдерди кайтарып берүү өтүнүчүн жиберди

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Белоруссиянын Башкы прокуратурасына Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди өткөрүп берүү өтүнүчүн жиберди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай 26-февралда Башкы прокуратурага К.Бакиевге жана анын иниси Ж.Бакиевге карата 22-февралда чыккан соттун өкүмүн аткаруу тууралуу Бишкек гарнизондук аскер сотунун буйругу келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу 27-февралда Башпрокуратура 2002-жылдын 7-октябрындагы “Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жактан жардам берүү” Конвенциясынын талаптарына ылайык Белоруссиянын Башпрокуратурасына К.Бакиев менен Ж.Бакиевди өткөрүп берүү талабы жиберилген.

Белгилей кетсек, Бишкек гарнизондук аскер сотунда К.Бакиев жана анын иниси Ж.Бакиевдерге М.Садыркуловдун, С.Слепченконун, К.Сулаймановдун өлүмүнө байланыштуу өкүм чыккан.

Ага ылайык, К.Бакиев Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүн жана 304-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 24 жылга эркинен ажыратуу менен күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечими кабыл алынган. Ал эми Ж.Бакиевди сот Кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Буга чейин Башкы прокуратура Белоруссияга К.Бакиевди жана Ж.Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бир нече жолу өтүнүчүн жиберген. Бирок ал өтүнүчтөр канааттандырылбай келген.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

1-март,2013-жыл, №08