Последние публикации

Нарын.Шаарда айт намазына келгендердин саны көп болду

Нарын.Шаарда айт намазына келгендердин саны көп болду

Нарын шаарындагы Азирет Аалы мечитинде айт намазга жыгылууга 5 миңден ашык киши келгендигин дин кызматкерлери билдиришти. Намазга келгендерди Кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков куттуктап, бийликте иштеген адамдардын жүрөктөрүнө ыйман беришин тилек кылды. Ал эми Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жаштарды ыймандуулукка үндөдү. Облустун казыяты дагы жалпы элди курман айт менен куттуктап, жергиликтүү бийлик жетекчилери болуп намазга жыгылышты.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg