Последние публикации

Дыйкандарда көйгөй аз эмес

Дыйкандарда көйгөй аз эмес

Нооруз майрамын утурлай Нарын жергесине иш сапары менен келген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев Нарын районунун дыйкандары менен Жан-Булак айылында жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

Бул күнү Жан-Булак айылынын техникалары катарга тизилип, жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча райондун дыйкан-фермерлеринин башын кошкон семинар өткөрүлдү. Айыл өкмөт башчысы Дүйшөнбек Ширинбековдун маалыматына ылайык, айылда «Талгарт», «Загыра» жана жаштар техсервистери, ошондой эле «Үлгү», «Жийде-Бак» үрөн чарбалары иш алып барат. Быйыл 500 гектар аянтка дан эгиндери, 50 гектарга картошка, 9 гектарга жашылча эгилээри пландалууда.

Жолугушуу учурунда дыйкандар өкмөт мүчөсү Нурханбек Момуналиевге бир катар көйгөйлөрүн билдиришти. «Жийде- Бак» үрөн чарбасынын жетекчиси Аляскар Эшимбеков быйыл 20 тонна буудайдын жана 20 тонна арпанын үрөнүн даярдап, айыл элине 18 сомдон, сырткаркы дыйкандарга 22-25 сомдон сатканын белгилөө менен мурда Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду (ГФРЭ) аркылуу лизинг жолу менен бир трактор, бир комбайн алганын, ал эми азыр техника алуу үчүн кредит «Айыл банк» аркылуу 9% үстөгү менен жана акчалай, анын үстүнө мөөнөтүнөн кечиктирилип берилип калгандыктан техника алуу оор болуп атканын билдирди. Нарын райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Карыбеков быйыл мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыялар биринчиден кечигип атканын, экинчиден эки гана банк аркылуу таратыла турганын, бул жагдай дыйкандар үчүн кезек күтүүнү жана бюрократиялык мамилени жаратаарын, ошондой эле жеңилдетилген баадагы күйүүчү май Балыкчыга эмес облустун борборуна келсе, же тартып келүү чыгымы кошуп эсептелсе ыңгайлуу болоорун айтып, ушул маселелерди чечип берүү жагын өтүндү. Ал эми райондук фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Тазабек Мамыров өкмөт аркылуу берилүүчү вакциналар тендер өтпөгөндүктөн эмдигиче берилбей, малды эмдөө токтоп туруп, фермерлер бул маселени тездетүүнү талап кылып атканын билдирди.

Айыл чарба маселелерин уккан Өкмөттүн аппарат жетекчиси Н. Момуналиев буларды Өкмөт башчысына, биринчи вице-премьер-министрге билдирип, селектрдик кеңешмеде көтөрүп чыгаарын айтты. Муну менен катар: « Өкмөт колдон келишинче дыйкандарга колдоо көрсөтүү аракетин көрүп, барган жеринен жардам сурап жүрөт. Жок жаман. Кымбат болсо да болгону жакшы. Бир кезде ХИПИКке кире турган болдук эле. Азыр кудайга шүгүр, мамлекетибиз жакыр өлкөлөрдүн кара тизмесинен чыкты. Ошонун ичинде сиздердин аракетиңиздердин натыйжасы да бар»,-деп белгиледи.

Нарын райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Карыбековдун билдирүүсү боюнча, райондо апрель айынын 10-15тери менен айдап-себүү өнөктүгү башталат. Быйыл район боюнча 5300 гектар жер иштетилээри, анын ичинен 2100 гектарына буудай, 3200 гектарга арпа, 680 гектарга картошка, 98 гектарга жашылча, 1500 гектарга көп жылдык жана бир жылдык чөп айдалаары пландалууда. Өнөктүккө үрөндүн 90 пайызы, техникалардын 80 пайызы даяр. Күйүүчү, майлоочу майдын 50 пайызы тартылып алынган.