Последние публикации

НААБАЙЧЫЛЫК НАРКТУУ КЕСИП

НААБАЙЧЫЛЫК НАРКТУУ КЕСИП

Нан бардык тамактан улук. Аны абалтан кайсы жерде, кандай элде болбосун кадырлап, барктап келишкен. Ал эми нан жаап, көпчүлүктүн кардын тойгузган наабайчылардын өздөрү да бийик кадырлоого татыктуу. Төмөндө түмөн түйшүктүү наабайчылык кесиптин ээси Шадыканова Болсун Дүйшеевнанын ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Кочкор районундагы «Болсун» кондитердик цехи калкты нан азыктары менен камсыздап келе жатканына алтынчы жылга айланды. Бул мезгил аралыгында чакан ишкана элеттиктердин терең ишенимине арзып, өз кардарларын таба алган. Буга адеп ишкананы издеп барганыбызда, эшик алдында цехтин кожойкесин күтүп жаткан кардарларга күбө болуп, аларды кепке тартканыбызда ынандык. Кардарлардын айтымында, цехтен даярдалган бир нече түрлүү нан азыктары дүкөн текчелеринде сакталбай, буусу тарай элек ысык кезинде элге жетет. Жашпы, карыбы, керектөөчүнүн колуна тийген ак буудайдан жуурулуп, жаңы жапкан нандын буруксуган жагымдуу жыты мурунду өрдөп, турмуш калчап, балдарды бапестеп өстүргөн, ак жоолукчан мээримдүү энелердин элестерин эске салат. Аталган кондитердик цех чыгарган коржик, кекс, бублик, торт, пряник, таттуу нан сыяктуу нандын түрлөрүн бир жолу оозанган адам экинчи жолу кайрадан издеп, тамшанып жегенге куштар.

Арийне, мындай ийгиликтерге аталган цехтин жетекчиси Болсун Шадыканова бир күндө эле жете калган жок. Бир жагынан анын тубаса ишкерлик мүнөзү, өжөрлүгү, баштаган ишин аягына чыгармайынча тынбаган аракетчилдиги, тоскоолдуктарды жеңе билген кашкөйлүгү, мүшкүлдөрдөн жол таба билген изденүүчүлүгү, бирине бирин улаган сарамжалдуулугу себеп болгондой. Сыртынан караганда токтоо, оор басырыктуу, кыргызда жабылуу кара инген деп мүнөздөлгөн Болсун Дүйшеевнанын ишмердүүлүгүн кош колдоп кубаттап, дайыма арка-жөлөк болгон үй-бүлөсү менен кайын журту. Алардын дамамат жылуу кеби, жеңилин жерден, оорун колдон алган көмөгү наабайчынын демине дем кошуп, жаңы жетишкендиктерине өбөлгө түзүп, сүрөөнгө алат.

Артына кылчайып караса, арбын мээнет тартып, көп көйгөйлөрдү башынан кечириптир. Кудай таала насип кылып, кондитердик кесипке ээ болгон соң ишин аздектеп, бир катар цехтерде тажрыйба топтоп, эмгектенди. “Сүйгөн ишиң болсо, бул да бакыт” демекчи, жумушта гана таттуу нандарды жасоо менен алектенбестен, үйүндө да балдары, үй-бүлөсү үчүн торттордун түрлөрүн жасап, чеберчилигин арттырып, ышкыбоздугу күндөн күнгө артты. Кийинчерээк өз алдынча иштегенге өтүп, жыйырма жылдай торт жасап, баш калаадагы соода түйүндөрүнө сатыкка чыгарып, өз кардарларын тапты. Бул жылдары туулган жер, кичи мекенге кайтуу көксөөсү анын көкүрөгүн уялап, алдына зор ой-максаттарды коюп, ишке ашырууга белсенип жүрдү. Элине кызмат өтөп, керектөөчүлөрдү нан азыктары менен камсыздоочу цех ачуу демилгесин өмүр шериги да кубаттады. Көп жылдар бою мээнет менен топтогон каражатын жумшап, жабдууларды сатып алышты. Адеп аз-аздан болсо, жабдуулары да бара-бара кудайга шүгүр көбөйүп жатат. Камыр жайгычы, камыр жуургучу, нан бышыргыч духовкасы, камыр чалган миксери анын көздөй жардамчылары. Мына жакында эле нан бышыруучу мешти 1200 доллар каражатка алып келип, цехке орнотуп алып, кубанычы койнуна сыйбай турат. Жабдуулары жаңы, жеткиликтүү болсо, кызматкерлеринин ыкчам, сапаттуу иштешине да шарт түзүлөт. Беш адамды жумуш менен камсыз кылып, айлык маяналарын өз убагында төлөп, үй-бүлөлөрүн багууларына мүмкүнчүлүк берип келет. Азыркы мезгилдин шартында элет жергеси үчүн беш адамдын туруктуу иш менен камсыздалышы да оңой эмес. Болсун Шадыканова “цехтин көлөмү көбөйсө, кызматкерлердин саны арбып, мындан да чоң жетишкендиктерди багындырсам” дейт кыялында. Ырас, кыялдар орундалат. Жүрөктүн тынчын алып, түнү уйкусун бөлүп, күндүзү тыным алдырбаган кыялдарын орундатуу үчүн анын мырзалардан кем эмес чечкиндүүлүгү, кажыбаган кайраты, эмгекчилдиги жетишээрлик. Таң азандан бышып, атайын жашиктерге тизилип, сатыкка даяр болгон нан азыктарын машинеге жүктөп Кочкор районундагы дүкөндөргө жеткирет. Андан соң тамшандырган таттуу нандарын райондогу орто мектептерде билим алышкан жүздөгөн кенже курактагы бөбөктөр сагынып күтөт. Өзгөчө, “Болсундун” тортторуна буйрутмалар үзүлбөйт. Кол кармашып, турмуш жолуна аттанып жатышкан жүздөгөн жаштар үйлөнүү тойлоруна камданып жатып алгач анын ак босогосун аттап, таттуу тилектерди тилешет. Болочок жубайлардын: “дасторконубузда “Болсундан” чыккан ширин торт болсун, бакыт сапарыбыз да дал ушул торттой ширин болсун!” деп ырымдап, тилек кылып, алдын ала келип, заказ беришкени да бекеринен эмес. Ырас, ишкерлик чөйрөнүн ысык-суугу бар, электрдин баасы кымбаттады, сүттүн, ундун баасы өсүп, базардагы көтөрүлгөн баа кыйгап өтпөй, калкты нан азыктары менен камсыздаган цехтин ишине кедергисин тийгизбей койгон жок, ошентсе да, күн сайын бет келген кыйынчылыктар Болсун Шадыканованын эркин майтара албайт. Ылайым, баскан жолуңуз арбый берсин!