Последние публикации

ИТ ЫЙЛААРЛЫК АБАЛДАГЫ ИМАРАТ

Биз кеп кыла турчу имараттын абалы ит ыйлаарлык кезеңге тушугуп отурат. Сөз башынан болсун.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик архиви Нарын облустук аткаруу комитетинин 1975-жылдын 24-июнь айындагы №125-буйругу менен Ак-Талаа райондук өздүк курам боюнча бириккен мекеме аралык архиви болуп негизделип, кийин 2001-жылы 21-майда райондук администрациясынын №181-буйругунун негизинде Ак-Талаа райондук мамлекеттик архиви болуп өзгөрүлгөн. Ошондон бери, бул мекемени 1975-1976-жылдары Жамаш Кыпчакбаев, 1976-1991-жылдары Жумагул Карагулов, 1991-жылдан 2008-жылдын 1-майына чейин Жумадил Арунов келген болсо, 2008-жылдан ушул кезге чейин Самат Жанболотов жетекчилик кылып келүүдө.

Уюшулгандан бери мекемелерден, ошол кездеги колхоздордон, уюмдардан көптөгөн иш-кагаздар алынып келип сактоодо турат. Учурда мамлекеттик сактоодо өздүк курам жана туруктуу сактоо боюнча 1936-2012-жылдар аралыгында 109 фонд, 15 694 сактоо бирдиги сакталат. Негизделген жылдары ар кайсы имараттарда көчүп-конуп жүрүшкөндүктөн, 1981-жылы райондук Эл депутаттарынын чечими менен мурдагы Баетов айылдык кеңешинин имараты бөлүнүп берилген. Бөлүнүп берилгени жакшы, бирок абалы начар болуп, кептин баары ушул жакта болууда.

Бөлүнүп берилген имарат 1956-жылы жөнөкөй турак үй катары гана салынган. Кире бериш бөлмөсү менен жалпы 5 бөлмөдөн турат.

Ошентип курулганына 59 жылдын жүзү болгон бул имараттын абалы ит ыйлаарлык. Чөгүп бараткан кемеге окшоп, пайдубалынын жарымы жерге чөгүп кеткен. Ал аз келгенсип пайдубалынан баштап дубалына чейин жарака кетип, төрт дубалы төрт жакка кулап калчудай сыңары, ар бир ашташкан бурчтарынын баары жарака. Шыбактары упуранып гана турат да чиркин. Үстүңкү шыбынан топосуна кошулуп курт-кумурскасы кошо имараттын ичине түшүп турат. Чатырынын шиферлери сынып, талкаланып, жыйынтыгында жыртыктарынан жаан-чачын мезгилинде суу шорголоп, иштеген кызматкерлердин шорун катырууда.

Жыл сайын ушул жердеги кызматкерлер эптеп жыртык-жаракасына баткак тыгып, тамчы тамган жерлерин жамап-жазгап, акилеп, имараттын абийирин жаап келишет. Бирок, эски оокатың ушуга болобу? Кайра эле таз кейпине келгени келген.

Экинчиси, архив мыйзамынын 22-беренесинде сактоо талаптарына жооп бербеген жайларга архив документтерин жайгаштырууга тыюу салынат деп жазылып турганына карабастан, имараттын жоктугуна байланыштуу талапка жооп бербеген имаратта архивдик иш-кагаздар сакталып турат. Ал эми бөлмөлөрдүн тардыгынан улам, 3-4 кызматкер, жетекчиси менен бирге бир бөлмөдө куурулуп отурганы калп эмес.

Бул боюнча район жетекчиси баш болуп, архивдин башчысы төш болуп жогорку жактагыларга канча ирээт кайрылганы менен жыйынтыгы жок бойдон калууда. Архив-бул чоң тарыхый жай экенин билген жан бар болду бекен?!

Адилет САГЫНАЛЫ уулу, Ак-Талаа району.