Последние публикации

КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛИП КАЛААРЫНАН ҮМҮТ ЧОҢ

КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛИП КАЛААРЫНАН ҮМҮТ ЧОҢ

Ат-Башы районундагы Казыбек, Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылдары 2-3 жылдан бери кургакчылыктан оңчулуктуу түшүм ала албай, ал тургай тоют топтоо көңүлдөгүдөй болбой анын азабын тартып келишет. Кара-Коюн айыл аймагынан эле 2500 гектар аянтка суу жетпегендиктен быйылкы жылы аталган аймакка караган эки айылдын тургундары 50 млн. сомго тоют сатып алууга аргасыз болушкан.

Алардын айтымында өткөн жылкы кургакчылыктан 90 пайыздан ашык жер аянт суу ичпей, түшүмдүүлүк дээрлик төмөндөгөн. Тоют жетишпегендиктен күздө сатып алган чөптөрү да түгөнүп улам бирден малын сатып чөп алып жатып, кара мал менен майда жандыктын туяктары көбөйбөй эле азаюуда дешет айыл тургундары. Бул көйгөйдөн чыгуу үчүн илгери союз убагында курулушу башталып, бирок башкы суу берүүчү жайдын курулушу гана чала бүтүп токтоп калган Ичке-Суу каналын аягына чыгарыш керек. Бул боюнча айыл тургундары бир катар жетекчилерге кайрылып, айыл чарба министри баш болгон жетекчилер келип абал менен таанышып кетишкен. Бирок аталган каналды куруу ири суммадагы каражатты талап кылгандыктан чечилбей келүүдө.

10-март күнү дал ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытбай Салымбеков, айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев, суу чарба департаментинин башчысы Көкүмбай Таштаналиев, Кыргыз суу долбоорлоо институтунун деректири Асрардин Кичибаев, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана облустук, райондук жетекчилерден турган топ аталган аймакта жумушчу сапар менен болушту. Алар Ичке-Суу аймагында болушканда буга чейин 36 чакырым аралыкка 700 млн сом кетет деп болжолдонуп жаткан каражатты кыскартып, кандай жол менен каналды курса боло тургандыгын карта аркылуу талкууга алышты. Арзаныраак каражат кете турган жагын эсепке алып, мурунку курулган башкы суу берүүчү жайды оңдоп куруп ишти улантуу менен каражатты 250-300 млн. сомго чейин кыскартса боло тургандыгын, калган маселе долбоорлоо бүткөндөн кийин гана белгилүү болору тийиштүү адистер тарабынан айтылды. Ошентсе да каналга так канча каражат кетери жер кыртышы иликтөөгө алынып, техникалык экономикалык негизи иштелип чыккандан кийин белгилүү болот. Бирок ушул ишти баштоо үчүн да каражат жагы чечилген эмес. Аны колго алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытбай Салымбеков өз эсебинен 500 миң сом, суу чарба департаменти 100 миң сом акчаны Кыргыз суу долбоорлоо институтуна которуп бермей болду. Чындыгында бул сумма жер кыртышын иликтөөгө алууга гана жумшалат. Долбоорлоону толук аягына чыгарыш үчүн болжолдуу төрт млн сомдун тегерегиндеги каражат кетет.

- Калганын инвесторлор табылып, каналдын курулушуна каналга кеткен каражаттан 2,5 пайызын алмай болдук. Келишим түзүлүп, тийиштүү каражат которулуп берилсе иликтөөнү геологдорду алып келип жаз айы менен баштайбыз. Азырынча качан бүтөт айта албайбыз-деди Кыргыз суу долбоорлоо институтунун деректири Асрардин Кичибаев.

Дал ушул жумушчу топ Кызыл-Туу айылында айыл тургундары менен жолугушту. Жолугушууда Кызыл-Туу айылынын тургуну Осмонов Жапарсадык суу тартыштыгынан тоют жок жалпы эки айылдын тургундары болжолдуу 50 млн сом акчаны жалаң чөп алганга жумшашканын, «ушунча элди чыгымга батырбай канал курулуп калганда Ат-Башы районунун суунун берки өйүзүндө жашаган бир топ айылдары суу менен камсыз болуп калмак», - деген оюн айтты. Ошондой эле айрым адамдар чөптүн жоктугунан колундагы азыраак малынан айрылып калышканын, каналдын жалпы узундугу 36 чакырымды эмес алар эсептеп көрүшкөндө 25 чакырымды түзгөндүгүн, Өкмөттөн беш жолу комиссия келгенине карабастан маселе чечилбей калып жаткандыгын, муну тезирээк чечпесе акыбал мындан дагы оорлой тургандыгын билдиришти. Буга жооп кылып Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбеков элдин суу тартыштыгынан жаралган көйгөйү менен таанышканы биринчи жолу келип жатканын, буюрса иликтөө иштери башталып калса, курулушун бүткөрүү үчүн инвестор табылып калышына жардамдашарын маалымдады. Ал эми Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев муну мурдагы айыл өкмөтү 2017-жылдарга чейин КРнын өнүктүрүү программасына киргизип калганда абдан жеңил болмоктугун, мурда кирген ири 26 долбоор ишке ашып жаткандыгын, анын 6-7 долбоорун кытайлар, 7-8 долбоорун арабдар грант түрүндө бүткөрүп берип жатышкандыгын маалымдап, «долбоорлоо бүткөндөн кийин каналды айыл чарба министрлигине келген инвестициялык группага киргизгенге аракет кылабыз», - деген оюн кошумчалады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов элди сабырдуу болууга чакырып:

- Биз да мүмкүнчүлүккө жараша аракет кылып жатабыз. Ошонун натыйжасында беш жолу комиссия келди. Мына иштин башы башталганы турат. Буюрса акырындык менен бул маселе чечилет-деди жыйын учурунда.

Элдин көйгөйүн чечүү үчүн 30 чакырымдай каналды куруп, ага Ичке-Суу, Таш-Рабат суусун буруу аркылуу айыл тургундарына суу жеткирүү керек. Бирок инвесторлор табылбаса бул долбоордун жакын арада ишке ашышы күмөн болууда. - Техникалык экономикалык негизин иштеп чыгыш үчүн эле бир топ каражат талап кылынат экен. Ушул канал курулуп калса үч айылдагы 5000 гектарга чейинки аянтты суу басмак- дейт таза суу эле эмес жада калса сугат суусу көздөн учуп, быйылкы жылы кургакчылык болсо элдин акыбалы кандай болорунан кооптонгон Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Рустам Таштанов.

Жергиликтүү тургундардын ишеничи бир аз болсо да иштин башы башталып калганында болууда. Буюрса быйылкы жыл кургакчыл болбой жакшы болуп берсе, акырындык менен канал да курулуп, көйгөйлөрү чечилип каларынан үмүттөрү чоң…

Максат АБДРАКУНОВ.