Последние публикации

«Жол-Богоштунун» жолу шыдыр болду

Ат-Башы районундагы Талды-суу айыл аймагына караштуу 1-Май айылында көргөндүн көөнүн көтөрүп, кубанычка бөлөгөн салтанат болуп өттү. Тоо түбүндөгү тепкедей айылдын борбордук көчөсүнүн аяк-башына «Жол- Богошту» коомдук фонду деп бадырайта жазылган банерлер айыл ичине көрк тартуулагансыйт. Кыштактын чок ортосундагы эки кабат мектепке айылдын жаш-карысы убап-чубап келип жатышты.

Максаты айкын

Учурдан пайдаланып, «Жол-Богошту» коомдук фондусунун жетекчиси, ишкер Тынччылык уулу Уланбекти маекке тарттык:

- 1-Май айылында балалык күндөрүмдү өткөрүп, ушул жердеги орто мектепти аяктагамын. Эресеге жеткенден кийин өнүп-өскөн айылыма аздыр-көптүр пайда келтирейин деген ниетте «Жол-Богошту» коомдук фондун түздүм,-деп сөз баштады Уланбек. Бул фонддун негизги максаты айылдын социалдык, маданий жайларын жакшыртууга, жолдорду курууга көмөктөшүү, айыл элинин социалдык, экономикалык көйгөйлүү маселелеринин оң чечилишине, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга, жетимдерге, майыптарга жана жардамга муктаж адамдарга жардам берүү. Ал үчүн мамлекеттик, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, кайрымдуулук марафондорун жана маданий-социалдык маанидеги иш чараларды өткөрүп турмакчыбыз. Бүгүн коомдук фонддун быйылкы жылга пландаштырган иш чараларын айыл эли менен бирдикте өткөргєнү жатабыз.

Залкар инсанга таазим

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, обончу-композитор, аткаруучу, жазуучу, журналист Жумамүдүн Шералиев да ушул Туюк-Богошту чөлкөмүндө 1915-жылы жарык дүйнөгө келген.

«Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» дегендей, «Жол-Богошту» коомдук фонду айылдагы Т.Тынымбаев атындагы мектептин алдына залкар инсан Ж.Шералиевдин жаркын элесине арнап эстелигин тургузган. Эстеликтин ачылыш аземине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.Максүтов, акимдин орун басары Ж.Тентимишов, Талды-Суу айыл аймагынын башчысы Ж.Омокоев, композитордун жердештери, радио-телевидениенин, басма сөздүн өкүлдөрү катышышты. «Жол-Богошту» коомдук фондусунун жетекчиси Тынччылык уулу Уланбек, композитордун кыздары Нарынкүл, Турдугүл, карындашы Клара эстеликтин жабуусун алышып, гүлдөрдү коюшту. Коомдук фонддун жетекчиси залкар инсан жөнүндө баяндама жасады.

Т.Тынымбаев атындагы мектептин экинчи кабатында фонддун демилгеси, түздөн түз материалдык каржылоосу менен 1-Май айылынын, Ж.Шералиевдин музейинин ачылыш аземи болду. Музейдин лентасын Тынччылык уулу Уланбек менен Шералиева Нарынкүл кести. Музейге айылдын тарыхы, элдин өткөн кылымда пайдаланган эмгек шаймандары, ат жабдыктары, үй буюмдары Ж.Шералиевдин өздүк буюмдары ар кыл жылдарда басма сөз беттерине жарыяланган ырлары, макалалары, аңгемелери, сүрөттөрү, өмүр баяны ж.б. коюлган. Тарыхчы-журналист Т.Султанов келгендерге Ж.Шералиевдин чыгармачылыгы тууралуу кеңири баяндама жасап берди.

Окуунун алдыңкыларына сыйлык

Т.Тынымбаев атындагы мектептин эң мыкты окуган төрт окуучусу да 2012-2013-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен фонддун стипендианты болуп калышты. 3-класстын окуучулары Мээримбек уулу Рамис, Муса уулу Сүйүнбек, 6-класстын окуучусу Кубатбек кызы Кылымай, 8-класстын окуучусу Болотбек кызы Самара окуунун эң мыктысы деп табылып, 8 миң сомдон стипендия алышты.

«Мыкты мугалим» конкурсу

«Жол-Богошту» фондусу уюштурган Т.Тынымбаев атындагы орто мектебинде «Мыкты мугалим» конкурсунун жыйынтыгы айыл элинин катышуусунда чыгарылды. «Мыкты мугалим» номинациясына Жумалиева Чынара, «Тажрыйбалуу мугалим» номинациясына Жапаркулова Гулина, «Чыгармачыл мугалимге» Мусаева Жыпара, «Мыкты класс жетекчисине» Байшериева Салтанат татыктуу болушту. Жеңүүчүлөр фонддун сертификаттары, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Таланттарга камкордук

Коомдук фонд 25500 сом каржылап, айылдык таланттар үчүн 15 комуз, 1 аккордеон, чоор, чопо чоор, темир ооз комуз алып келген. Музыкалык билими бар Толкунбек Байшериев менен эмгек келишими түзүлүп, Ж.Шералиев атындагы фольклордук ансамбль уюштурулган. Айыл эли чогулган бул салтанатта мектеп окуучуларынан түзүлгөн комузчулар ансамбли «Келгендеги кербезим», «Жаш кербез» күүлөрүн аткарып беришти.

Айылдык өнөрпоздор Кулматов Жолдошбек, Төлөмүшова Жекшенгүл, Жумаева Үмүт, Жусубакунова Турсунай, Жусубакунов Замирбек, Жусупова Айнура атактуу композитордун ырларын эл алдында аткарышып, шатырата кол чабууларга бөлөнүп, көпчүлүктүн купулуна толду.

Муктаждарга жардам

Айылдагы социалдык жактан аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү үчүн фонд 15850 сомго бут кийимдерди алып келген. Бут кийимдер 21 окуучуга таратылып берилди.

Жекшенбайдын жетинчи китеби

Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Жекшенбай Курмановдун тестиер балдар үчүн жазган «Көбүргөн» аттуу чакан китебин «Жол-Богошту» коомдук фонду демөөрчүлүк кылып жарыкка чыгарып берген. Элеттик акындын буга чейин 6 китеби чыккан эле. Жекшенбайдын жетинчи китебинин бет ачарына ушул күнү айыл эли күбө болушту.

Эл алдында чыгып сүйлөгөн акын Ж.Курманов бул китептин чыгышына ар тараптан демөөрчүлүк жардамын көрсөткөндүгү үчүн коомдук фондго, анын жетекчиси, ишкер Тынччылык уулу Уланбекке терең ыраазычылыгын билдирди.

Спортсмендер ыраазы

«Жол-Богошту» фондунун демилгеси менен ремонттолгон Т.Тынымбаев атындагы мектептин спорт залына айылдык спортсмен, маркум Орозаалы Омокоевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин байгесине фонд 8 миң сом койду. Чакан айылдан эле алты команда ат салышты.

Мелдеште жеңген 1-орунга 3 миң сом, 2-орунга 2 миң сом берилди. Калган командалар да куру калган жок. Сыйлыктарды фонддун жетекчиси Тынччылык уулу Уланбек тапшырды.

Айылдыктар алкыш айтышты

«Жол-Богошту» коомдук фондунун, анын жетекчиси Тынччылык уулу Уланбектин эли-жери үчүн жүргүзүп жаткан иштерине ыраазы болгон айыл эли кубанычтарын жашырбай ортого салышты.

- Ата-эне эркек баланы кудайдан бекеринен тилебейт тура. Эл катары биздин айылдан да Уланбектей чыгаан уулубуз чыгып, элдин керегине жарап жатканына чексиз сыймыктанып жатабыз. Уланбек уулубуз чың ден соолуктуу, узун өмүрлүү, бактылуу болсун. Зоболосу көкөлөй берсин,-деп айылдын тургуну, эмгек ардагери Асек Шамыракунов, эмгек ардагерлери Бердаалы Касмамбетов, Турсун Жумалиева, Турдубек Казаболотов ж.б. эки жылдан бери Уланбектин демөөрчүлүгү менен жасалып жаткан иштерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.