Последние публикации

КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАРЫНЫН УЛУТТУК ФОРУМУН УТУРЛАП... Жигердүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө салымын кошот

Үстүбүздөгү жыл өлкөнүн аялдары үчүн маанилүү окуялары менен көңүлдө кала турган болду. Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгы, дүйнө кыз-келиндеринин абалын жакшыртуу боюнча аракеттердин Пекин платформасы кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгы, БУУнун коопсуздук кеңешинин тынчтыкты сактоодо, жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясы кабыл алынгандыгынын 15 жылдыгы белгиленет. Мындай маанилүү иш чараларга карата үстүбүздөгү жылдын 2-3-мартында Бишкек шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун, Кыргызстандын аялдар коомчулугу жана өкмөттүк эмес уюмдарынын демилгеси менен Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өткөрүлмөкчү. Кыргызстандын аялдарынын жана жалпы эле коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган бул улуттук форумга карата облустагы активист айымдар менен пикир алыштык.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгары укуктуу

өкүлүнүн орун басары Чынара АБДЫРАИМАКУНОВА :

КООМДОГУ АКТИВДҮҮЛҮГҮН АРТТЫРУУГА ЖОЛ АЧАТ

Улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн платформаны түзүп, аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү туруктуу өнүгүү жана демократиялык башкаруу аркылуу алдыдагы жылдарда өлкөнү жана жарандарды андан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап аныктай турган маани-маңызы терең улуттук форумдун өткөрүлүшүн жалпы эле теңиртоолук айымдар терең кубаттайбыз жана колдойбуз.

Айтмакчы, 1995-жылдын 3-сентябрында Пекинде өткөн эл аралык конференцияга өлкөнүн экс-Президенти Роза Отунбаеванын жетекчилиги менен курамы 15 аялдан турган кыргызстандык делегациянын курамында белгилүү советтик партиялык кызматкер, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси маркум Суранова Күмүш апабыздын катышып келгени биз үчүн сыймык. Эл-жери үчүн нар көтөргүс ак кызматын арнаган апабыздын Улуу жеңиштин 55 жылдыгына арналган Москвадагы жеңиш парадына барып, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова экөө баатырдын эстелигине гүл коюп кайтканын быйылкы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгында эскере кетмекчимин.

Арийне, аялзаты жаңы өмүрдү жаратуучулар, адамзат тукумун улаган ыйык жан. Артка кылчайсак тарыхыбыздын татаал мезгилдеринде аялдар каармандыкты, иштермандыкты көрсөтүп, ар бир замандын өзүнө таандык жүгүн эркектер менен тең тартып келишкен. Гендер маселеси тээ адамзат коомунда эле жаралып, аял менен эркектин мамилелери ар бир өлкөнүн коомдо ээлеген саясатына, идеологиясына жараша өнүгүп-өсүп, өзгөрүп келе жаткандыгы жалпыга маалым. Дегинкиси гендер дегенибиз ургаачы менен эркектин социалдык жактан бекемделген, өздөштүрүп алган жүрүм-турумун билдирип, кайсы бир тарыхый шартка, саясатка, салт-санаага жараша ар түрдүү өзгөрүлмөлүү мүнөзгө ээ болуп, адам укугун коргоонун принциптеринин бири катары бааланат. Бүгүнкү кыргыз коомунда түзүлгөн реформалар жана ар кандай кырдаалдар аялзатынын коомдогу активдүүлүгүн кыйла күчөттү. Ооба бүгүнкү күндөгү аялдардын коомдогу ролу абдан олуттуу жана көп тармактуу.

Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын башкы багыттарынын маанилүүсү катары элетте жашаган айымдардын потенциалынын өнүгүшүнө шарттарды түзүү, алардын ишкердигин өнүктүрүү жаңы идеяларды колдоо багытында облуста да арымдуу иш аракеттер аткарылып жатат. Өткөн жылы ПРООНдун колдоосу менен кеңешме өткөрүлүп, анда аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү активдүүлүгү тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндөгү гендердик изилдөөлөрдүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналган аялдардын ишкердигин жана иш менен камсыз болуусун талдап иликтөөгө мамлекеттин өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин баса белгилеп кетмекчимин.

Өткөн жылдын 17-18-июлунда Нарын шаарында «Кыргызстанда элеттик аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” аттуу 2-республикалык конференция өткөрүлгөн. Анда өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы болуп келе жаткан аялдардын ишкердигинин экономикалык аспекттери талкууланып, секциялык иштер жүргүзүлүп, жергиликтүү жана чет мамлекеттик рынокторду үйрөнүү менен маалыматтык коммуникативдик технологияларды колдонуу боюнча маселелер талкууланган эле.

Маани-маңызы терең бул форумда коомдун өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп жаткан аялдардын бийлик структурасында, рыноктук реформаларга активдүү катышуусуна, алардын укуктарын бузууга каршы күрөшүүдө сот адилеттүүлүгүнө жетишүүсүнө өзгөчө маани берилген маселелер айтор өлкөдөгү аялдардын бышып жетилген курч көйгөйлөрү кеңири талкууга алынып, чечүүнүн жолдору сунуш кылаарына терең ишенемин.

“Кыргыз уз” товардык-сервистик кооперативинин башчысы

Жамбы КАРЫБЕКОВА:

“УЛУТТУК УЛУУ МУРАСТАРДЫН ӨРКҮНДӨТҮЛҮШҮНӨ КӨҢҮЛ БУРУУ ЗАРЫЛ”

Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун өтө тургандыгы мени абдан кубандырды. Кылымдан кылым карытып, атадан балага, энеден кызга өтүп келе жаткан улуттук улуу мурасыбыз болгон кол өнөрчүлүктү мындан ары дагы мезгил талабына ылайык өнүктүрүү тууралуу кеңири сөз болуп, иштиктүү аракеттер көрүлөт деген ойдомун.

Чет элдик коомдук фонддор менен туристтер натуралай жүндөн жасалган улуттук буюм-тайымдарыбыздын ден соолукка пайдалуу экендигине кызыгып, сатып алып, заказдарды беришип, ар түрдүү долбоорлор аркылуу жардамдаша баштагандыгы ишибиздин илгерилешине зор өбөлгө болууда. Айталык, 1998-жылы Кочкор районунда өз ишин баштаган “Алтын кол” коомдук бирикмесин АКӨК ( айылдык кеңешти өнүктүрүү кызматы) колдоого алган. 2009-жылы ГТЦнын облуста иштей баштаган долбоору аркылуу мурдагы кол өнөрчүлүк жамааттар айыл чарбасында жүндү иштетүүчү кооперативдерди түзүп, андан соң “Кыргыз- уз” товардык-сервистик кооперативин уюштурганбыз. ПРООН аркылуу түзүлгөн топтор да бизге кошулуп, Япониянын элеттик аялдарды кол өнөрчүлүк тармагы менен жакырчылыктан чыгаруу долбооруна облус боюнча Ак-Талаа районунан “Шагдар”, Нарын районунан “Урмат-уз”.” Нарын шаарынан “Ай тилек”,” Кочкор районунан “Алтын кол”,”Жумгал районунан “Жумгал -Үмүт,” Ат-Башы районунан “Закым-Ат-Башы” кооперативдери пилоттук катары кирип, үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Улуттук буюм тайымдардын баалуусу болгон шырдакты чет элдиктерге таанытып, туристтерди тартуу максатында 2000-жылдан бери эл аралык “Кыргыз шырдагы” фестивалдары өткөрүлүп келе жатат. Өткөн жылдын 28-июнунда Ат-Башыда эл аралык фестиваль ийгиликтүү өткөрүлдү.

Ушу тапта уздардын ишинин илгерилешине кедерги болгон көйгөйлөр койдун жүнүнүн сапатынын начардыгы, өздөрүнүн акча каражатынын жоктугу, мөөнөтү узак, пайызы аз кредиттердин берилбегендиги, буюм-тайымдарды сатып өткөрүүдөгү кыйынчылыктар, айылдык уздардын биргелешип иштөөсүнө айыл өкмөттөрүнүн камкордук көрбөгөндүгү сыяктуу көйгөйлөр бар. Менин оюмча улуттук форумда кол өнөрчүлөрдүн эмгегин жеңилдете турган мындай жагдайлар тууралуу да кеңири сөз козголот деген ойдомун.

Ат-Башы районундагы Бирлик айлындагы ПРООНдун консультациялык маркетингдик борборунун жетекчиси Батмабүбү МАКИЛОВА:

«ЭЛЕТТИК АЯЛДАРДЫН КОЛУНАН БААРЫ КЕЛЕТ, БИРОК...»

Турмуш жолумда Бишкектеги медициналык окуу жайын бүтүрүп, №2 М. Мамакеев атындагы хирургиялык клиникасында медициналык кызматкер, андан соң Нарын шаарындагы А. Буйлашов атындагы орто мектепте балдар фельдшери болуп эмектендим. Он төрт жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН) Бирлик айлындагы консультациялык маркетингдик борборунун жетекчиси болуп эмгектенип жатам.

Албетте чет элдик фонддор менен иштеше билүү оңой-олтоң иш эмес, терең билимди изденгенди, жаңыча ой жүгүртүүнү, эл менен иштеше билүүнү, тактыкты талап кылаарын мен өз тажрыйбамдан жакшы билемин. Эл-жериме жасаган алгачкы эмгегим көп жылдан бери пайдаланылбай жараксыз абалда турган клубду ремонттотуп, 60 орундуу креслолору менен пайдаланууга берилгендиги болду. “Интернет” долбоору аркылуу 3 компьютер, 1 принтер алдым. “Ишкер аялдарды колдоо” долбоорунан жапайы-жер жемиштерди кайра иштетүү үчүн 334000 сомдук грантты утуп алдым. Азыркы тапта Бүбүсайра Сөпкаева жетектеген бул цехте алты жумушчу иштеп, салаттар, компоттор джем, варенье, сок жана башка консервациялык азыктар даярдалат. “Жүндү кайра иштетүүчү” жана “Кийим тигүү” деген аталыштагы жалпы суммасы 159 миң сомдук долбоор аркылуу ишке ашырылган “Адеми” цехинде улуттук баш кийимдер, улуттук буюм-тайымдар даярдалат. Ал эми өзүм жетектеген “Алтын дан” аттуу цехте кондитердик азыктардын бардык түрү даярдалат. “Бекжан-Жакшылык” ветагро сервисине 105 миң сомдук гранттык долбоор менен 60 миң сомго сосуддар жана дары-дармектер менен камсыз болду. Долбоор аркылуу үрөн чарбасын түзүү боюнча картошканын үрөнү да ишке ашырылды.

“Коомдук фонд” долбоорунан утуп алган 290 миң сомго Бирлик айылынан Нарын жол трассасына чыгуу үчүн 3 километр жолго шагыл төгүлдү. Ал эми “МЧС ПРООН” долбоору аркылуу 40 адамга ун, май төлөп берип, 4 километр жол оңдолуп, Нарын шаарына баруучу 28 километр жол кыскарды. Азыркы тапта Ак-Муз айлында Жаңы-Зеландиянын кредиттик долбоору боюнча иш жүргүзүп жатам.

Мени Бишкекте «Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму» өтө тургандыгы абдан кубандырды. Анда гендердик изилдөөлөрдүн маанилүү милдеттеринин бири катары соңку жылдары актуалдуу маселелерден болуп жаткан элеттик аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо менен үйүндө бош жаткан ар нерсеге жөндөмдүү, айрыкча уз айымдардын иш менен камсыз болушуна жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынышына финансы ресурстарынын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулса деген пикиримди айтаар элем.

“Нарын Билим берүү долбоору агенттиги” коомдук бирикмесинин лидери Гүлзат НУРМАНБЕТОВА:

«ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК КЕҢИРИ ТАЛКУУЛАНСА»...

Бүгүнкү күндө коомдо аялдарга карата коомдук пикир, мамиле кыйла өзгөрдү, ургаачынын ою, сөзү менен эсептешпей коюуга мүмкүн болбой калды. Коомдун социалдык турмушунун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын ролун күчөтүү гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдардын саламаттыгы, укуктары, балдардын билим алуусу боюнча иш жүргүзүп келе жатканыбызга быйыл он беш жылдын жүзү болду. 2008-жылы “Укуктук ресурстук борбор” ачылып, Бишкектеги “Социалдык технологиялар агентствосу”, “Адилет” укуктук клиникасы жана “Биом” коомдук уюму менен бирдикте аярлуу катмарлардын арасында тренингдерди, консультацияларды, окууларды, акцияларды, конференцияларды кичи долбоорлордун негизинде уюштуруп келдик. Азыркы тапта Нарын облустук Кызыл жарым ай коому менен бирдикте аялдарга ден соолугуна кам көрүү, чакан ишкерликти баштоо боюнча алгачкы жардамдарды берүү боюнча иш жүргүзүп жатабыз.

Гендердик билим берүүгө арналган атайын сабактарды мектептен тартып жогорку окуу жайларына чейин киргизүүгө мезгил келип жетти деген өз оюмду айткым келет. Эгерде бул иш турмушка ашырылса жаштарда гендер маданияты тууралуу билим алууга гана өбөлгө болбостон алардын коомдогу активдүү ордун табууга да салымын кошот.

«Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча 2012-2020-жылдарга улуттук стратегияда» белгиленген аялдарды экономикалык жактан өнүктүрүү, функционалдык билим берүү, зордук-зомбулуктун алдын-алуу жана аялдардын активдүүлүгүн, саясий ролун көтөрүү багытында жүргүзүлгөн иштердин өз деңгээлинде аткарылышында коомдук бирикменин интеллектуалы бийик активдүү мүчөлөрү Мунира Калиева, Раэл Осмонова,Элмира Бекжанова талаптагыдай иштеп жатышат.

Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунда гендердик теңчиликке жетишүүнүн жолдору кеңири талкууланып, анда кийинки жылдары аялдарга жана жаш балдарга болуп жаткан зордук- зомбулуктун алдын-алуу боюнча ачык-айкын көйгөйлөр талкууга алынат деген ишеничтемин.