Последние публикации

ДООМАТТАР КОЮЛДУ, ОМОКТУУ ОЙЛОР АЙТЫЛДЫ

Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагындагы жыйын клуб суук болгондугуна байланыштуу Шапак Рысмендеев атындагы мектебинде өттү. Жыйынды райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Нурбек Жусупбеков ачты. Ак-Кыя айыл аймагынын башчысы Азизбек Сыдыканов 2014-жылдагы айыл аймагындагы аткарылган жана аткарылбай калган иштерге токтолду. - 2014-жылы салыктын 13 түрү 108 пайызга чогултулган. Бирок дыйкан чарбадан 60000 сом, огород салыгынан 30000 сом чогултулган эмес. Бул жагынан айыл аймагынын тиешелүү адистери эл менен жакшы иш алып бара алган эмес. Ал эми мал санакта кээ бирөөлөр малдын башын так каттатпагандыктан жылда 15 миң 420 кой бар болсо, 14642 баш кой катталып, 480 баш койго, уй 2620 баш болсо 2618 катталган.

Айыл аймагын социалдык- экономикалык жактан көтөрүү боюнча 2014-2017-жылга түзүлгөн жол картасына киргизилген иштерден Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин актовый залы оңдолуп, бир классына музей ачылган. Жаңы-Жол айылындагы мектепке 3 млн 200 миң сомго ремонт иштери жүргүзүлүп, балдар бакчасына суу киргизилген.Жаңы-Жол айылына ашар жолу аркылуу таза суу киргизилген. Кара-Суу айылына тиешелүү «Машинный» каналдын бир топ жери тазаланды. Үкөк-Балыкчы жолу оңдолуп, Жаңы-Жол айылынын кеңсесинин алды айылдык кеңештин депутаттары аркылуу оңдолду. Көчөгө жарык орнотсок каршы чыгып өчүрүп салдыңар.Чынын айтканда мени «бүгүн иштеп, эртең кетип калат» деп колдобой жатасыңар-деп ал элге таарынычын билдирди. Аны менен бирге 2015-жылга карата иш планы менен тааныштырды.

Андан соң элдин суроолоруна кезек келди. Эл жыйынга суусаганбы же айыл өкмөттүн ишине нааразыбы жыйын кайым айтышууга айланып кете жаздады. Айыл тургуну Насирдинова Асипа «Салыктын үч түрүнөн чогултулбай калды деген уят иш. Үйлөрдү кыдырган жоксуңар»- десе, бир топ адамдар салык кызматкерин көрбөгөнүн айтышты. Мындай дооматка айыл өкмөтүнүн салык кызматкери жооп бере алган жок. – «Жаңы-Жол айылынын кеңсесинин алдындагы теректерди кырктыңар, экологиядан улуксаат алынганбы, аны кимге саттыңар»- деген суроого айыл өкмөт башчысы ал мыйзамдуу эле кыркылганын, бей-бечераларга сатылып, 45000 сом түшкөнүн айтты. Жыйында «айылда жыйналышты көрбөйбүз, клубдун, контордун ремонту туура эмес бүткөн, комбайныбыз Жаңы-Жолго сатылып кетти, эмне үчүн жайында суу тартыш болуп турса үч ай отпуска алып жатып алдың, мураптарды алмаштырбайсың»- деген сындар айтылып, ага «Силер мага чейинки иштерди айтып жатасыңар, клуб сапатсыз бүтүп жатканда эмне кылып жүрдүңөр эле? Кеңсебиздин үстүнөн көгүчкөндүн богу түшүп жатат дейсиңер, муну эмне учурунда карап, ордуна койгон эмессиңер? Сапатсыз бүткөрүлгөн иштин азабын биз да тартып жатабыз. Комбайн Жаңы-Жолго сатылды деп кыйкырасыңар? Ошондо сатылып жатканда эмне токтотуп калбай эми өткөн ишке мени күнөөлөйсүңөр? Эмне үчүн ошол кезде айыл өкмөттү ордуна койгон эмессиңер? Туура мен тийиштүү отпускамды алдым. Бирок ал кезде суу кенен эле. Менин кызым ооруп шаарда жүрдүм. Сууну мураптар бөлүштүрүшү керек. Мурап болуп иштегиле десем, бириң иштебейсиңер. Алардын ордуна мен барып суу бөлөйүнбү, анда өкмөт болуп иштегиле. Мен суу бөлүштүрөйүн»- деп жооп берди. Кочкор суу чарба башкармалыгынын башчысы Мелис Абакиров машина каналда үч насос иштеп жетишпей жаткандыгын, быйыл төрт насос ишке киришерин, мындан ары суу куб менен эсептелип, ошого жараша акча төлөй тургандыгын билдирди. Чыгып сүйлөгөндөрдүн кээ бири айылдык кеңештин төрагасы Абдрахманова Токон айыл өкмөтүндөгү иштерди өзү чечип, айыл өкмөтүнүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат дешсе, Насирдинова Асипа «таза сууга чогулган 39000 сомду банктан алып алды, Жаңы-Жолдогу депутаттар жер айдайбыз деп, алты гектар жерди ээлеп алды, Күмөнов Замирден 26000 сом жайыт акысын чөнтөгүнө салып алган. Сыдыканов олтурат, бир нерсе сураса мен билбейм, депутаттар билет дейт экен. Баардыгын айылдык кеңештин төрайымы Абдрахмановага жүктөп койгон. Ал айлык албаса эмнени чечет- деп айтты. Жогорудагы айтылгандарга Ак-Кыя айыл аймагынын башчысы А.Сыдыканов –Мен өз укугумду билем. Кай бир иштерди мыйзамга ылайык айылдык кеңеш чечет. Депутаттарга ар кандай иштерге акча сурабасын, айдап, ошонун акчасы менен иш жүргүзсүн деп 5 жарым гектар жер бергем. Алар бекер алган жок. Ошондой жерди жаштар фонду деп аларга да бердим. Айыл өкмөт дотацияда турат. Эми Жарандык фонд түзүп 8 гектар жер берип ар кандай долбоорлордо элден акча сурап жүрбөй ошондон колдонолу, кай бир муктаж болгондорго берели –деп жатабыз деп жооп берсе, айылдык кеңештин төрайымы Токон Абдрахманова банктан таза сууга алган акчага суу түтүктөрү оңдолгонун, ал эми Күмөнов Замирден акча жайыт үчүн эмес, мектептин ремонтуна демөөрчүлүк үчүн алынганын түшүндүрдү.