Последние публикации

Нарын шаарындагы таза суу алуучу жайларында муздар тоңуп суу алууга ыңгайсыздыктар жаралууда

Нарын шаарындагы таза суу алуучу жайларында муздар тоңуп суу алууга ыңгайсыздыктар жаралууда

Нарын шаарындагы айрым аймактарда суу түтүктөрдөн суу чыкпайт.

Нарын шаарынын жашоочуларынын маалыматына таянсак, суу түтүктөр тоңуп калып, суу чыкпай калган. Айрым учурда суу алуучу жайларынын үстүнө кайнак суу куюп, суу чыгарышат.

«Шаардын Шаршенов көчөсүнүн баш жагынан келип суу алам. Мурда кабат үйдүн чыгыш тарабындагы суу түтүктөн суу алып жаткам. Азыр батыш тарабынан суу алуудамын. Суу алууга келгенде этияттабаса, айласынын баары көк жалтаң муз болуп калды. Жаз келгенче ушинтип музду чагып, кайнак суу куюп суу алуудабыз. Шаардык Суу канал ишканасы бул жагдайларды карап туз чачып коёун дешпейт», — деди жеригиликтүү жашоочулар.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg