Последние публикации

Aксыда жаңы асфальт-бетон заводу ишке киргизилет

Аксы районунун аким М.Айдаралиевдин айтымында: “2015-жылы негизги иш катары Ак-Жол айыл аймагына 60 орундуу жаңы балдар бакчасын куруу, 14 км аралыкка таза суу түтүктөрүн тарттыруу жана Ак-Жол айылынан Райкомол айылына кеткен 13 км жолду асфальттоо ишке ашырылат. Жерге-Тал айылында күнүнө 50 тонна асфальт чыгаруучу жаңы асфальт-бетон заводу ишке киргизилет”. Бул тууралуу облустагы өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми «Жалалабатэлектр» ААКнын генералдык директору Абакиралы Абдылдабеков акырындык менен эскирген жана чирип калган электр мамылар алмаштырыла тургандыгын маалымдады.

Райондогу Ак-Жол айыл аймагындө өткөн жыйында, Теген айылынын тургуну Ороз Мырзаев, Жолборсту айылынын жашоочусу Каратай Жамаев, Бүмайра Дыйканбаевалар негизги көйгөйлүү маселелер 14 км аралыкка таза суу түтүктөрүн тартууну, мал жайыттарын чечүүнү жана 1966-жылы электр зымдары тартылган 246 электр мамылары чирип кеткендигин ачык айтышты. Эскирген электр мамылары жаш балдар үчүн коркунуч жаратууда.

Ссылка на оригинал публикации : saresep.kg