Последние публикации

Нарын. Мэрдин Жаңы жылдык балатысына 80 миң сом бөлүндү

Нарын. Мэрдин Жаңы жылдык балатысына 80 миң сом бөлүндү

Нарын шаарынын мэри Рахат Адиевдин Жаңы жалдык балатысына жергиликтүү бюджеттен 80 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу анын басма сөз кызматынан маалымдашты. Мэрдин балатысы Нарын шаарындагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинде өттү. Майрамдык салтанатка шаардагы аз камсыз болгон социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун алдынкылары чакырылган. Балатыга 150 бала катышты жана аларга 500 сомдун тегерегиндеги таттуу белектер таратылды. Ошондой эле окуучулардын күчү менен даярдалган жылкы жылын узатып кой жылын тозуп алуу сыяктуу театралдашкан концерттик программалар тартууланып, Аяз Ата менен Аяз кыздын татуулары да берилди.

Ошондой эле мэр Рахат Адиев карылар үйүндөгү карыларга жана төрөт үйүндө 31-декабрда жарыкка келген ымыркайларга жана алардын энелерине белектерин тапшырат.

Ал эми буга чейин “Көгүлтүр от” кечеси өткөрүлүп, жылдын мыктылары аныкталып аларга акчалай сыйлык жана дипломдорду тапшырган болчу.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg