Последние публикации

Асан Ормушев: « “Заман” гезитинин редакторун камоо менен башка ЖМКларга эскертүү берилген...»

Асан Ормушев: « “Заман” гезитинин редакторун камоо менен башка ЖМКларга эскертүү берилген...»

Түркияда болуп жаткан окуялар тууралуу тарых илимдеринин доктору, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору Асан Ормушевге бир катар суроолорубузду узатып, жооп алдык.

- Учурда Түркияда чоң ЖМКлардын жетекчилери камакта. Буга сиздин жеке пикириңиз кандай?

- Түркиядагы акыркы убакта болуп жаткан окуялар бизди абдан таң калтырып жатат. Мен “Заман” гезитинин көп жылдан берки сүйүп окуучусу катары Түркиядагы эң көп нускалуу саясий гезит экенин билем. Себеби “Заман” гезити Түркиядагы болгон саясий, экономикалык, маданий, илим багытында дагы маселелердин баарын так, туура чагылдырган дүйнөдөгү эң бир чоң жакшы маалымат каражаттарынын биринин баш редакторун жана ошондой эле телеберүү жагындагы таланттуу, өзүнүн коомдун ой-пикирлерин ачык айткан адамдарды саясий куугунтуктоо катары түшүндүрөт элем. Бул адамзат баласы жаралган күндөн баштап, өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшүп келет. Эң саясий чоң күрөштөрдүн бири – бул сөз эркиндиги. Эгерде сөз эркиндиги болбой калган коомдо демократиялык айкын түзүлүш болбойт го деп ойлойм. Кыргызда бир жакшы макал бар “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген. Ошон үчүн мен Түркиянын азыркы өкмөтүнө айтат элем, ушул тил кесмек жок деген макалды туура пайдаланып, ошол чыгып жаткан маалыматтарга туура багыт берүү менен караca деп. Себеби бүткүл дүйнөлүк коомчулук карап турат. Ушул карап турган мезгилдерде мен тарыхчы катары айтып коёр элем: дүйнөлүк тарыхта ушул коомдогу мамлекеттик түзүлүштөгү кээ бир жат көрүнүштөрдү жашыраарда жалаң ЖМКлардагы эң күчтүү журналисттердин аркасынан куугунтуктар түшөт. Мисалы, адам укугун коргоо бул дүйнөлүк маанидеги эң чоң маселелердин бири. Ошон үчүн менин жеке пикиримде, бүгүнкү күндө Түркия өкмөтү тарабынан жасалып жаткан, өзгөчө “Заман” гезитине карата жасалып жаткан иш-чараларды мен журналисттерге көрсөтүлүп жаткан кысым катары сезип турам.

- Бул козголгон иш 17-декабрга жакындап калган кезде болуусунун себептери эмне болушу мүмкүн?

- Былтыр биз декабрь айында Түркиядагы бийлик башчыларынын жана өкмөттүн кээ бир паракорлукка жана улуттук, мамлекеттик казынага кол салган бир топ чиновниктердин кармалганына күбө болдук эле. Менин жеке пикиримде, ушул маселелерди жабуу иретинде, же болбосо коомчулуктун аң-сезимин башка жакка буруу, коомчулукту алаксытуу саясаты болуп калышы да мүмкүн. Себеби, баары бир ЖМКлар былтыр декабрь айында Түркияда козголгон иш тууралуу сөзсүз бир чуулгандуу маселелер болмок. Ошонун алдын ала Түркиядагы баардык ЖМКларына коңгуроо кагыш кылып, "эсиңерге келгиле, эгерде силер дагы ошол маселени козгой турган болсоңор, “Заман” гезитинин баш редакторундай тагдырга туш келип каласыңар" деген бир эскертүү катары сезип турам.

- Мындан бир жыл мурун 17-декабрда коррупциялык иш боюнча учурдагы өкмөт мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгон эле, 14-декабрда болгон окуялар коррупцияга байланышкан иштерди жаба алабы?

- Кыргызда дагы бир жакшы макалдар бар “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”, “Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет” деген. Ошонун сыңарындай мамлекеттик чиновниктер тарабынан карапайым элди эзип, ошолордун байлыгын пайдаланып жаткан бүткүл дүйнөдөгү мамлекет бийлигиндеги адилетсиз бийлик жүргүзгөн башчылардын баардыгы эгерде коррупцияда айланса, ошол чын болсо, далилденсе, анда ал кудайдын астында дагы, элдин астында дагы баары бир эртеңки күнү сөзсүз түрдө жооп берери маалым.

- Евробиримдикке кошулуу алдында турган Түркия 15-декабрда айткан Эрдогандын сөзүнөн кийин кандай болот?

- Менин билишиме караганда, Түркия Евробиримдигине кирүү боюнча көп жылдардан бери баардык жагынан аракет кылып, президенттери, өкмө башчылары, депутаттары, министрлери ушул багытта абдан зор иштерди жүргүзүп келген. Анан бүгүнкү күндө биз Европасыз эле экономикабызды, саясатыбызды, маданиятыбызды жүргүзө алабыз деген сөзү көп жылдардан бери аракет кылып, жасаган иштерди, чоң маселелерди бир күндүн ичинде тескери буруп коюш менимче бир аз туура эмес болуп калат. Бул балким бир адамдын айткан пикири, ою деп да ойлоого болот. Себеби, бул жерде коомчулук деген бар да. Түркия өзү дүйнө жүзүндөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Экономикалык өнүгүш жагынан 16-17-орунда турат. Көп жагынан Түркия баардык маселелерди оң жагынан чечкен, демократиялык багытта бараткан европалык экономикалык өсүшкө, цивилизацияга катышам деп жаткан мамлекеттер бүгүн биз Европасыз алдыга барабыз дегендин өзү дагы Түркиядагы коомдук ой-пикир менен бирдиктеби же бир адамдын сөзүбү, муну дагы менимче турмуш көрсөтөт.

- ЖМКлардын жетекчилерин камоо менен оппозиция болгон башка ЖМКларга кандай таасирин берет жана аларга коркутуу болуп эсептелеби?

- Сөзсүз түрдө. Себеби жана эскерип кетпедикпи, былтыркы декабрдагы мамлекеттик чиновниктер тарабынан чоң коррупциягы айланган маселенин мамлекеттик деңгээлдеги чуулгандуу чыгып кетишинен корккон өкмөт балким алдын ала ЖМКларга белги катары, же болбосо сиздер да ачык чыга турган болсоңор “Заман” гезитинин башкы редакторунун кейпин кийип каласыңар деген жагдайда иш алып барып коюшу мүмкүн деген. Анткени жеке эле Түркия эмес биздин Кыргызстанда деле Акаевдин, Бакиевдин учурунда деле ЖМКларга болгон зордук-зомбулук жана ар кайсы жактан кысым көрсөтүү, ошондой гезиттерди чыгарбоо сыяктуу маселелер бар да. Ушундай маселелер мындан ары дагы күчөп кете турган болсо, болуп кетиши мүмкүн. Биз эми башка мамлекеттин ички саясатына кийлигише албайбыз. Ошон үчүн муну Түркиядагы коомчулук өздөрү карап, өздөрү чечет го деген ойдобуз. Биз албетте туура чечилишин каалайбыз. Себеби, Түркияда дагы көптөгөн коомчулуктар демократияны, ачыктыкты, эркиндикти сүйгөн эл экенин билебиз.

- Сөзүңүзгө аралжы, Түркия мамлекети демократия жолунда бараткан өлкө. Негизи болуп жаткан окуялар демократияга кандай таасирин тийгизет? Ошондой эле башка өлкөлөргө да таасири тиеби?

- Демократияга тескери таасирин тийгизет. Себеби, демократиянын эң биринчи талаптарынын бири – бул сөз эркиндиги. Эгерде эркин мамлекетте сөз эркиндиги болсо, анда ал демократиялуу өлкө болуп эсептелет. Эгерде көптөгөн мамлекеттер Түркияны карап, таалим-тарбия алып жатса, бүгүнкү күндө аталган мамлекеттин тийгизген таасирлери коңшу өлкөлөргө, өзгөчө Борбор Азиядагы мамлекеттерге дагы терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал.

- Бул окуя Гулен жамааты менен Р.Т.Эрдоган ортосундагы кагылышуубу? Же авторитаризм катары караш керекпи?

- Мен антип айтпас элем. Анткени Гулен азыр АКШда жашап, өзүнүн ишмердигин, чыгармачылыгын чет мамлекетте жүргүзүп жатат. Менимче бул Түркиядагы бир партиялуулук бийликтин келип, бир адамдын балким жеке бийлигине ооп баратышы мүмкүн. Себеби, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы дагы бир кезде өзүнүн коммунисттик идеологиясын так ушундай кылып жүргүзүп, бир партиялуулук болуп калган. Бизде азыр Кыргызстанда эмне менен сыймыктанат? Демократия деген сөз – бул көп партиялуулук. Баардык партиялардын үнү, ошолордун добуштары, айткан ой-пикирлери коомчулукка тарап турушу керек. Бир партиянын жүргүзүп жаткан саясаты бул үстөмдүк кылуу. Ошон үчүн мен айтат элем, акыркы жылдары Түркия бир партиялуулукка ооп, бир партиянын тегерегинде болуп жатат.

2013-жылдын 17- декабрында Түркияда “чоң коррупция” аталыштагы рейддин жүрүшүндө 49 киши кармалган болчу. Бул окуянын болуп өткөнүнө бир жыл болоор алдында, тагыраак айтканда 14-декабрда Стамбулдун Баш прокуратурасы тарабынан рейд жургүзүлүп, анын негизинде 31 киши кармалган. 11 адам сурак берүүдөн соң бошотулган. Аларга “мыйзамсыз уюм түзүүгө” жана “өлкөдөгү бийликти кулатууга аракет кылган” деген айып тагылган. Азыркы тапта камактагы 20 кишинин арасында “Samanyolu” телекомпаниясынын башчысы Хидайет Каража жана “Zaman” гезитинин башкы редактору Экрем Думанлы да бар. Экрем Думанлы кармаларда бийликке сөз эркиндигине чектөө киргизе албайсыңар деген бир катар пикирин билдирген. Буга чейин ал, Стамбул Баш прокурору Хади Салихоглу менен жолугушканда, прокурор кылмыш иши козголбойт деген маалыматты жазуу түрүндө бергенин кабарлаган. “Бул кылмыш ишинин козголушунда баш прокурордун эч кандай маалыматы жок”, - дейт “Zaman” гезитинин башкы редактору Экрем Думанлы. Ал ошондой эле өздөрүнө кылмыш иши козголгондугун твиттер баракчасы аркылуу билип, “макул биз силерди редакцияда күтүп жатабыз”, - дегенин айтат. Мындай билдирүүдөн соң, аларды кармап кетишкен.

Эскерте кетсек, Экрем Думанлы бул кызматта 20 жылдан бери эмгектенип, "Заман" гезитинин башкы редактору болуп, он жылдан бери иштеп келет.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg