Элдик жаңылыктар

«Улуттук экономиканы чыңдоо айылдан башталды»-демилгесине дагы бир ишкана кошулду

  • Автор: Мусуратилла Исканов
  • Аймак: Баткен
  • Жарыяланган: 24.03.2015 @ 14:57
«Улуттук экономиканы чыңдоо айылдан башталды»-демилгесине дагы бир ишкана кошулду

Президентибиздин жарлыгына ылайык «Улуттук экономиканы чыңдоо»- демилгеси. И. Дж. Карабаев тарабынан ишке ашырылып жатканы буга чейин жарыяланган. Ушул демилгени сүрөөнгө алып «Т. Марипов» көмүр өндүрүүчү шахтасынын эмгек жамааты да кошулду. Бул ишкананы шаардык Кеңештин депутаты Юнусов Омурзак Марипович түзүп- жетектеп келет.

«Буйруса ушул кароосуз калып таштында айланып калган жерди тазалап баштадык. Эми бул жерди тегиздейбиз, көчөт отургузабыз каражаттын жетишине карап балдар аянтчасын түзүп, жабдууларын да орнотуп беремин. Аба-ырайы жакшы болуп турса тез эле бүтүрөбүз. Мурда ушул жерден өтүп жүргөнүбүздө жаш балдар таштандылардын арасында топ тээп жүрчү. Зээним кейип эмгек жамаатымдын кесиптик кошунунун жыйынында чечим кабыл алып биз да коомубузду өнүктүрүүгө колдон келишинче салым кошолу деп чечтик»- дейт Юнусов Омурзак ажы.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..