Элдик жаңылыктар

Аймактык олимпиадада окуучулары байгелүү орундарды алган ОшМУнун “Билим” жана “Ыйман” лицейинин мугалимдери сыйланды

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 12.03.2015 @ 14:35
Аймактык олимпиадада окуучулары байгелүү орундарды алган  ОшМУнун “Билим” жана “Ыйман” лицейинин мугалимдери сыйланды

Быйылкы жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы өткөргөн олимпиаданын I турунда ОшМУнун “Билим” лицейинен 28 окуучу, II турунда 20 окуучу байгелүү орунга ээ болушуп регионалдык олимпиадага жолдонмо алышкан. Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган аймактык олимпиадада лицейдин 8 окуучусу байгелүү орундарды ээлешсе, анын ичинен 4 окуучу 1-орунду жеңип алышты. Ал эми университеттин “Ыйман” лицейинин 1 окуучусу 1- орунга ээ болду.

Балдарга татыктуу билим, тарбия берип, мындай ийгиликтерди жаратууга өз салымын кошкон окутуучуларды ректор Каныбек Исаков кабыл алды. “Биз лицейди ачып жатып, өзгөчө айыл жергелеринен чыккан, билимге дилгир, дээринде бар, идиректүү, зирек балдарды билим алууга чакырып, улуттук нарк-насилде, ыймандуу, таза тарбия, заман талабына ылайык, сапаттуу билим берүүнү максат кылганбыз. Анткени бүгүнкү жаштар Кыргызстандын келечеги. Андыктан таза тарбияны, тунук акылды калыптандырууну ушул жаштардан башташыбыз керек. Ошол ниеттерибиз кабыл болуп балдарыбыз өзүнүн билим дараметтерин олимпиадаларда көрсөтүп жатышкандыгы биз үчүн чоң сыймык. Балдарга татыктуу билим, тарбия берип жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем”, -деген окуу жай жетекчиси окуучулары байгелүү орундарды алган мугалимдерди ОшМУнун Ардак грамотасы жана окуучулары 1-орунду алып республикалык олимпиадага жолдонмо алган мугалимдерди 10 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйлады.

Белгилей кетсек, былтыркы окуу жылында республикалык олимпиадага “Билим” лицейинен 3 окуучу жолдонмо алып, география предметинен Тургунбаев Артурдун окуучусу Исмаилов Бекболот республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү аталган.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..