Акыркы макалалар

Нарында депутаттыкка талапкер айымдарды колдоо долбоору ишке ашууда

Нарында жергиликтүү кеңештерге өз талапкерлигин сунуштап жаткан айымдарга маалыматтык колдоо көрсөтүүнү максат кылган долбоор ишке аша баштады. Долбоор Нарын дубанынын Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын шаарын камтып, талапкер айымдарга шайлоо компаниясы тууралуу маалыматтар берилип, тегерек столдор өткөрүлөт. Долбоордун алгачкы маалыматтык компаниясы Нарын шаарында өтүп, ага жергиликтүү активисттер, жергиликтүү кеңештин жана коомчулуктан өкүлдөр катышып, гендердик саясаттын өнүгүү багыттарын талкуулап, аялдардын коомдогу ролун кеп кылышты. Ошондой эле айымдарды митинг, пикеттерде курал катары колдонуп келген саясатчылардын аягы тыйылбай жатканы белгиленип, мындай көрүнүштөр жергиликтүү кеңештерге талапкер болгон айымдарга терс таасир болоорун кошумчалашты.

Долбоор Нарын билим берүү агенттиги коомдук бирикмесинин демилгеси менен ПРООНдун “Демократияны башкаруу” программасы тарабынан колдоого алынган.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg