Акыркы макалалар

Issyknews. Караколдо “Кыз ала качуу- кылмыш” деген темада мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Issyknews. Караколдо “Кыз ала качуу- кылмыш” деген темада мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Иш чарада укук коргоочу, болгон окуялардан айтып берип, кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин тастыктады. Ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматери кыз алакачууга каршы мыйзамдын 155 жана 154- беренеси боюнча түшүндүрүп берди. Мындан тышкары окуучуларга тестик суроолор берилди.

Уюштуруучу Каракол шаардык борбордук библиотекалык системанын өкүлү Айнура Оторбаеванын айтымында мындай түшүндүрмөлөр мындан ары башка мектептерде да жүргүзүлөт. Иш чаранын соңунда кыздарды уурдоо боюнча видео роликтер көргөзүлүп, ал боюнча талкууланды.