Акыркы макалалар

Таласта 5 мектептин курулушу күчөтүлгөн темпте жүрүп жатат

Бүгүнкү күндө Талас облусунда 5 мектептин курулушу күчөтүлгөн темпте жүрүп жатат. Тактап айтканда Кара-Буура районунун Арчагул айылында 192, Талас районунун Көк-Кашат айылындагы 375, Бакай-Ата районундагы 1 –май айылындагы 100 , Талас районунун Козучак, Кызылс-Сай айылындагы 275, Манас районундагы Май айылындагы жана Кара-Буура районундагы Кайнар айылындагы 125 окуучулук орундуу мектептердин курулуштары жүрүп жатат. Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун айтуусунда бул курулуштардын финансы булактары чечилип, каржылоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg