Акыркы макалалар

Тынчтык комплекси курулат

Афган согушунун ардагерлери, Ат-Башы коомунун мүчөлөрү тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте аталган районго комплекс куруу үчүн танка менен самолет алып келишкен.

Жакында райондун кире беришиндеги Сары-Коо аймагына тынчтык комплексин куруу боюнча жердин архитектуралык долбоору макулдашылды. Бул техникалар согуш эмес тынчтык максаттарына гана пайдаланылсын деген ниетте келечекте райондун босогосуна орнотулуучу комплекстин максаты жаш муундардын мекенчилдик сезимин ойготуу.