Акыркы макалалар

Президент А.Атамбаев ӨКМге Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды

Президент А.Атамбаев ӨКМге Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды

Бүгүн, 17-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө, мамлекет башчысына ушул жылдын 14-ноябрында өлкөбүздүн Ысык-Көл облусунда болгон, очогунда 7 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент ӨКМге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо объектилериндеги кесепеттерин жоюу боюнча бардык күч-аракетти жумшоо милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге КР ӨКМ КР өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте мүмкүн болчу жер тиртирөөлөрдө тобокелдиктердин алдын алуу максатында турак жай жана социалдык инфраструктура обьектилеринин курулуштарынын сапатын контролдоону күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

Президент А.Атамбаев КР өкмөтү табыгий кырсыктын натыйжасында өлкөбүздүн жарандарынын турак жайларына келтирилген чыгымды милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүүнү тездетүү керек экендигин белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org