Акыркы макалалар

Бай кедейди баксын “социалдык саясаты”

Бай кедейди баксын “социалдык саясаты”

Ашыкча байлыкка кошумча салык салуу же болбосо “байлар кедейлерди баксын” деген демилгени кыргызстандыктар, дегеним, чиновниктер менен саясатчылар маал-маалы менен көтөрө калат. Бирок ошол эле маалда, Кыргызстандагы негизги байлар – бул депутаттар, чиновниктер жана саясатчылар экени айтылат.

Бишкектеги өңчөй колунда бар адамдар жашаган конуш калк арасында “Царское село” деген ат менен таанымал. Айлана тегеректе жалаң зангыраган кан сарайлар асман тирейт. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул кан сарайлардын ээлеринин басымдүү бөлүгү чинвониктер.

Заңгыраган үйлөрдүн арасында өзүнчө бөлүнүп көзгө дароо урунган жепирейген жалгыз там турат. Анда квартиранттар жашайт экен. Бай коңшулары менен көп деле алакалары жок сыяктуу. Бул жупуну турмуш өткөргөн адамдардын байларга болгон мамилеси көп жакшы эмес.

“Алардан эч кандай деле кайрым көрө элекпиз. Тамак-ашып берип, жардам кылып койсо жакшы эле да. Миллионермин дегендер бар, бир жакырды көтөрүп койсо болот да”, - дейт өзүн Рысбек деп тааныштырган тургун.

Кедейлерди бага турган байлар ким? Кыргызстандын шартында...

Бул заңгыраган ак сарайлардын ээлери менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Көбүндө кайтаруучулар турат, видео камералар орнотулган. Бир үйдүн эшигин каксам, мейманга келген апа чыкты. Анын сөздөрүнө караганда, үй ээлери Дордой базарында соода кылып, андан тышкары кийим тигүүчү цех иштетет окшойт. Демек, бул заңгыраган үйдү мамлекетти уурдап-тоноп эмес, өз эмгеги менен салса керек деген ой кетти. Анда бул сыяктуу адамдарга, байып алдың эми жардыларды бак деген шарт коюу туурабы?

“Биринчи кезекте мамлекет жардам бериш керек. Эч нерсе кылбай отуруп алып, “Шоронун” ээси байып кетти, эми жакырларды баксын, же “Дордойдун” кожоюну баксын деген туура эмес”, - дейт экономикалык иштер боюнча эксперт Акыл Жумабаев.

Же ишкер Калыбек дагы жакырчылыкты байлардын эсебинен жоюу демилгесин колдобойт. Биринчиден, жакырлардын көбөйүп кетишине колунда бар адамдар күнөөлүү эмес, экинчиден, мындай аракеттер калктын жан бактылык сезимин күчөтүшү мүмкүн экенин айтат.

“Калкты бай-кедей деп бөлүп, биринчиси экинчисине жардам бериш керек деп милдеттендирүү көп туура болбойт. Улам бир жаңы велосипед ойлоп таба бербей, бар мыйзамдар так аткарылса эле коомдо тең салмактуулук орномок. Маселен, бардык адамдар болгон мүлкүнө жараша ачык салык төлөгөндө эле нааразылыктар болмок эмес”, - дейт жеке ишкер Калыбек.

Чоң үйдүн жарыгы кичи үйгө тиеби?

Депутат Азамат Арапбаев кезинде кирешелерди легалдаштыруу боюнча мыйзамды жактаган. Анын айтымында, Кыргызстан байларынын 90%дын мал-мүлкү көмүскөдө. Жакында эле кирешелер декларациясы боюнча кампания аяктады. Анда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча, көпчүлүк атка минерлер ашыкча мүлкү жок жупуну эле атуулдардын катарына кирет. Демек, жардыларга жардам берүү кайра эле кирешесин ачык көрсөткөн ишкерлердин мойнуна түшүп калабы?

Андыктан депутат Азамат Арапбаев жакырчылыкты жоюунун башкача жолун сунуштайт. Айтмакчы, Арапбаев жергиликтүү басылмалар жарыялаган бай адамдардын тизмесине кирет.

-“Бир адам экинчи бир адамга көз каранды болбошу керек. Мисалы, мен жашырбайм. Мен түптөгөн ишканаларда бир жарым миңдей киши иштейт. Мен эки үй-бүлөнү алып бакканга караганда, дагы иш ордуларын көбөйткөнүм туура. Баарыбыз жумуш ордуларын ачканга аракет кылышыбыз керек", - дейт депутат Арапбаев.

Кыргызстанда байлар көп салык төлөсүн деген демилге буга чейин да көп айтылып келген. Анын айрымдары ишке ашты десе да болот. Маселен, кыймылсыз мүлккө салынган салык байлар үчүн кирди деп айтылган эле.

Абдылас Койчуев Бишкектеги конуштардын биринде жашайт. Туруктуу жумушу, ашыкча мал-мүлкү деле жок. Бирок, салык төлөөгө келгенде байлардын катарына кошулуп калган экен. Анткени, бир топ жыл соода менен алектенип, чоң там салган. 204 чарчы метрди түзгөн турак-жайы үчүн 6000 сом салык чыгып келген.

-“Мага өкмөт жер бербесе, ссуда бербесе, там сатып бербесе, бир убакта бир нече жерде иштеп, окуп, күн-түн үй көрбөй, мал багып атып үй салгам. Эми келип алып өкмөт салык төлө дейт. Мен кантип төлөйм? Азыр үйдө жумушум жок отурам”, - дейт Абдылас Койчуев.

Кыргыз коомунда колунда бар адамдар жакырчылык менен күрөшүүгө салым кошушу керекпи деген маселе көп эле талкууланат. Бирок ошол эле маалда электр акысы үчүн олчойгон карызы бар абонеттердин тизмесинен айрым чиновник, депутаттардын дагы аты илингени бар. Андыктан өзү колдонгон жарыгы үчүн акча төлөй албай жаткан адамдардын жарыгы башка үйгө тиери күмөн.

Чолпон Бекболотова, эркин журналист

Түп нускага шилтеме : capital.kg