Акыркы макалалар

Вице-премьер А.Маматалиев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу: Биз делимитация маселесин алдыга жылдырууга башка ыкма менен барууну

Вице-премьер А.Маматалиев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу: Биз делимитация маселесин алдыга жылдырууга башка ыкма менен барууну

Тажикстан менен бир топ жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелер алдыга жыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-нобярда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы Тажикстан делегациясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн жолугушуусу учурунда КР вице-премьер министри Абдырахман Маматалиев журналисттерге билдирди.

«Алсак, чек арада бир топ жаңжалдар чыгып анын себеби болуп келген курулбай жаткан жолдордун курулушу башталып, бүтүүгө жакындап калды. Андан башка Лейлек районунда эки көпүрө дагы куруп жатабыз. Бул берилген тапшырмалар боюнча алдыга жылган жыйынтык десек болот», - деди ал.

А.Маматалиев, ошондой эле, аталган жолдордун курулушуна тажик тараптан тоскоолдуктар болбогондугун айтты.

«Тоскоолдуктар болгон жок. Жолдун, көпүрөлөрдүн курулушунда Тажикстандын өкүлдөрүн чакырып чогуу баштаганбыз. Эки тараптан тең иштер жүрүп жатат. Көпүрө дагы бүтөйүн деп калды», - деди ал.

Тажикстан менен 970 чакырымга созулган чек аранынын 54%ы такталып бекитилгендигин жана калган тилкелерди тактоо боюнча азыр иштер жүрүп жаткандыгын

кошумчалоо менен, «Быйыл биз делимитация маселесин алдыга жылдырууга башка ыкма менен барууну чечтик. Мурдагы жылдардагы карталарды көтөрө бербей, азыркы күндөгү ээлеп турган жердеги, аймактардагы калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, ошол эле учурда мындан кийин чатак болбосун деп өзүбүз сунуштарды даярдап бергенбиз. Жакын арада тажик тараптан дагы сунуштар келет деп ойлойм», - деп белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org