Акыркы макалалар

Айрым райондук соттордо судьялар жок, иштеп жаткан судьяларга жүк көп болуп, иштер 6-7 айлап каралбай жатат, - депутат М.Орозбае

Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү созулуп жатат, айрым райондордо судьяларга жүк көп болуп, иштер 6-7- айлап каралбай жатат. Бул тууралуу ЖК депутаты Мамат Орозбаев (КСДП) парламенттеги көпчүлүк коалициянын Сотторду тандоо боюнча кеңешке талапкерлерди тандоо маселесин караган бүгүн, 14-ноябрдагы отурумунда билдирди.

«Депутаттар Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүүнү созуп, соттордун 120 орду ваканттык болуп калууда. Айрым райондордогу соттордо судьялар такыр жок. Иштеп жаткан судьяларга жүк көп болуп, иштер 6-7 айлап каралбай жатат», - деди М.Орозбаев.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org