Акыркы макалалар

«Ата Мекен» фракциясы «Кыргызалтындын» төрага орун басары К.Шакировдун ээлеген кызматына тиешелүү маселени кароону өкмөткө сунуш

Бүгүн, 14-ноябрда «Ата Мекен» фракциясы өзүнүн отурумунда «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировдун ээлеген кызматына тиешелүү маселени кароону өкмөткө сунуштоону чечти.

Сунуш депутат Жоомарт Сапарбаев тарабынан демилгеленди.

Депутат Туратбек Мадылбеков сунушту коодоо менен, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн патриот адамдарды иштетүү керектигин айтты.

Фракция буга катар эле «Кумтөр Голд Компанинин» мүлкүн улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорду колдоого алды жана өкмөткө «Кумтөр Голд Компанинин» ЖАКтын мүлкүн улутташтыруу жөнүндөгү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org