Акыркы макалалар

Калаа башчылары кандай эле? Арапбаев Муктар Абдуллажанович

Калаа башчылары кандай эле? Арапбаев Муктар Абдуллажанович

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой “Калаа башчылары кандай эле?” рубрикабыздан аздыр-көптүр убакытта шаар жетектеген инсандардын шаар башчысы болуп турган кезинде жасаган жумушун жана азыноолак өмүр таржымалы тууралу сөз козгогон элек. Апрель тополоңу 2010-жылы орун алгандан бери төрт жыл өтсө төрт мэр алмашып бешинчиси болуп жакында шаар депутаттары тарабынан шайланган Салайдин Авазов болду. Ал эми, бул жолку саныбызда Б.Адылов жана М.Арапбаев тууралуу маалымат бермекчибиз. Белгилей кетсек, бул рубрикабыз окурмандарды кош көңүл калтырбай, редакцияга байланышка чыккан шаардыктар ар түрдүү пикирин билдирип жатышат. Ошондой эле, көргөн-билгендерин айтып макалага кошуп коюуну да суранып калгандары бар. Эгер кошумча маалыматыңыздар болсо байланышсаңыздар болот. Гезитибиздин кийинки санында рубриканын айланасында топтолгон эл пикирин сунуштайбыз.

Арапбаев Муктар Абдуллажанович

2013-жылдын башында шаар бийлигинин башына Арапбаев Муктар Абдуллажанович келди.

Арапбаев бул кызматка келгенге чейин шаарыбыздагы «Айгүл” универмагынын башкы директору болгон. Соода тармагын данектей чагып, жакшы кадыр-барк күтүп, бизнес чөйрөсүндөгү бай, акчалуу адамдардын катарын толуктап келген.

Бийликке партиялык система менен келген алгачкы шаар башчысы партиянын шыпыргысын шыпырууга, партиянын кадр тандоо чечимин жана башка тапшырмаларын аткарууга аргасыз эле.

Ишти баштаганда эле борбордук базардагы баш аламан соодо кылгандарды иретке келтирип, базардын айланасында жөө жүргүнчүлөр ары-бери өтүүсүнө шарт түзүп, базар ичиндеги алваң-салваң “аттар” базарындай көрүнүштөн арылткандай болду. Базардын ичине жамгыр жааган сайын суу толуп, чөлмөктөгөн сууларда адам басканга мүмкүн болбой калат эле. Муке ошол суулар агып кеткенге ылайыкташтырып базардын ортосунан кичине арык казып, үстү тордолгон темирлер менен жаптырып базарга кирип чыккандар үчүн жакшы шарт түзүп берди. Шаардыктарга белгилүү болгондой жыл сайын жаан-чачын нөшөрлөп жааган кезде сел каптоолор орун алып, селге туш болгон үйлөрдүн тургундары жүдөп, жыл сайын чыгым тартып турчу. Шаар ичиндеги чоң канал, кичи канал жана арыктарды терең тазалатып, сел каптоо деген балакеттен быйыл гана шаардыктар арылгандай болду, айтылганга оңой болгону менен өтө чоң жумуш бүткөнү байкалды. Алгылыктуу аракети катары бала бакчаларга 800(сегиз жүзгө) кошумча орун ачылып, жаш үй-бүлөлүүлөргө жакшы шарт түзөдү.

Мен, Мухтар Арапбаевдин 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты катары, шаар турмушуна зарыл керектүү болгон маселелерди көтөрүүдө активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөнүн билемин. Мэр болгон мезгилинде Ленин көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган курулуштарды алдырып, тратуарга асфальт төшөтүп бир аз болсо да иретке келтирди. Анан да ал иштеген 2013-жылдын жыйынтыгы менен салык жыйымдары республика боюнча жогору болуп Өтмө Кызыл Тууну шаардын салык инспекциясы алса, социалдык фонд башкармалыгы да Алдыңкы деп табылып алгылыктуу жыйынтыктар орун алды. Бирок Арапбаевдин бул жетишкендиктерин фракция-фракция болуп бөлүнгөн депутаттар турмак, коалициялаштары да “жакшы экен” дешпеди. Ошол эле ичтен чыккан өрткө айланган “достору” маалымат каражаттарынан аны оңтойсуз кылыктарын эле шардана кылбастан, аны иш билбес адам катары көргөзгөнү далалаттанышты. Акыры, шаардык кеңештин “Өнүгүү” фракциясынын депутаттары асылганын алып тынгандай эле болду деген сөз артынан айтылды. Коалициялык келишимдин артында “Ата-Журт” фракциясынын аты менен келген “капчыктуу” кадрлардын иш тажрыйбасы тайкы болуп, бул дагы Мукеге тийген муш болду. Башкасын айтпаганда да, мурдагы ишин эптей албай жүргөн Айзат Раматиллаеваны орун басарлыкка алып, ал болсо өзү катышкан иш-чараларда иш-алып бара албай жатканын мындай кой, өөдүк-сөөдүк сөз сүйлөп Мукенин тандаган кадры ушул экен дегендей эл ичиндеги күдүктөнгөн күбүр-шыбыр ал “декретке” кеткенде басаңдагандай болду. Бирок канча аракет кылбасын мэр креслосуна олтурганда эле кыйшык олтуруп калды Мэриянын кызматкери катары түздөп коюуга аракет кылдык. Бир эки жолу түздөп да койдук, болбоду олтурат деген ушундай болот дейби кыйшайып кете берди...

Мына ушул сапаттарынын айынан массалык маалымат каражаттарынын сынына кабылды. Сындар байма-бай айтыла берди. Ортодо иштен кетиптир деген маалымат өлкө боюнча таркады, бирок кайра келип билмексен болуп ишин уланта берди. Анан да “мен бул кызматтан мөөнөтүнө ылайык 4 жыл иштейм, эч ким мени иштен кетире албайт” – деп журналисттерге маалымат берип жиберди. Мукенин шаар үчүн, шаар эли үчүн жасаган эмгектери көзгө көрүнбөй жаман жагына айланды. Шаарды иреттеймин деген шылтоо менен көрүнгөн жерге акча төлөнүүчү стоянкаларды ачып, андан түшкөн акчалар жергиликтүү бюджетке барбай эле оңго-солго кетип жатат, “Арапбаев - акча санайт” деген сөздөр да айтылып жүрдү. Булар аз келгенсип бул “заготовщик” да, колунан эмне келмек эле, анан дагы тиги эски партократ, өкмөттүн акчасын кымырып көнүп калган “аталык” милдетин аткарчуусу Т.Акамбаевди көп укпай өз алдынча тууру жүрсө болмок деген сөз дагы жармашты.

Мукең бирөөгө убада берээрде тереңирээк ойлонуп убада бербестен, шак эле убадасын айтып салып, анан аны аткарбай тайсалдап качып жүрмө адаты бар экен.

Мына ушул сапаттарынын баары топтолуп Муке мэр болгонго чейинки кашыктап топтогон аброюна зака келтирди. “Тилди албагандарды иштен алып салабыз!” -деген сөздү көп колдончу, кимдерди бошотконуна кызыкпадым. Бирок өзү бошоп калды.

Шаар тургундары эмне дейт

Акпаралы, шаар тургуну.

Бул киши “Айгүл” универмагында жүргөндө жакшы жүргөн, эл сыйлагандай авторитети бар эле. Эми жетекчиликте тажрыйбасы жоктук кылдыбы жакшы иштей албады. Шаардыктардын эсинде ушул парковкаларды уюштурганы калды. Мен Мукени жетекчи эмес адам катары сыйлайм.

Арапбаев мэр болуп турган мезгилде, экономикалык-социалдык маселелер анчейин өнүкпөдү. Коомчулукта ага карата жакшы ой-пикирлер айтылбады. Айрыкча шаардагы транспорттук парковка, унаа токтотуучу жайлар, соода-сатык ишине тиешеси бар мэр катары калды.

ММКлар менен жакшы ымалада болбой ал жөнүндө ыңгайсыз маалыматтар чыгып турду.

Айтикулов Момуналы, шаар тургуну, пенсионер: Мен Муктар Арапбаевди бала чагынан эле билемин, ата-энеси мугалим болчу, балдарын тартиптүү өстүрүштү. Союз таркаганда кандай гана сонун ишканаларыбыз талкаланып, тонолуп жок болгонун билебиз го, а универмаг сакталып эле калбастан, канча адамдын жашоо-турмушун оңоп, азыр да шаарыбыздагы эң ири соода-түйүнү болуп калды. Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун дейбиз го, Муктар соода тармагында мыкты экенин көрсөттү, бүгүн бирди, эртеси башканы айткан саясатчылардай боло албады окшойт. Өзүн-өзү да мактап жактай бербегени көрүнүп турат, болбосо телевидениеге “сүйлөшө коюп”, элге “калп эле” мактанып көрүнгөндөр да жок эмес, ал антпеди. Мухтарды инсан катары кадыры бар киши деп эсептейм.

Үпөл Асаналиева, шаардык мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси: Мен, Жалал-Абад шаарынын көп жылдык тургуну катары, келген шаар жетекчилеринин жетишпеген жана жетишкен ийгиликтери боюнча жакшы эле маалыматым бар. Ошентсе да, мен негедир ал жетекчи “жакшы”, бул жетекчи “анча эмес” дегим келбей турат. Менин айтайын дегеним, биз кыргыздар жакшыны жакшылап олтуруп “асманга көкөлөтүп” учуруп, жаманды “жердин жети катар түбүнө” кийрип жиберген адатыбыз калбады. Адамдын баары эле жакшы, бирок кээде жакшы жумуш аткарса да, болбой эле жаман деген сөз ээрчисе, жаман нерсе күчтүүлүк кылып, ошол жакшы да жаманатты болго учурлар болот. Мен баардык эле, маалымат каражаттарына айтат элем, “биз жакшыбыз, жакшы иштер аткарылып жатат, эртеңкибиз дагы жакшы болот” – деген мазмунда кудайга жакшы маалымат жеткирип турсак, биз деле башка өнүккөн маамлекеттердей өнүгөбүз да. Одоно ката кетирген учурда факты менен маалыматты туура жеткирип турсаңыздар. Бирок элдин кулагы азыркы маалда жакшы маалыматка, жакшы сөздөргө суусап калды, мына ушуну эске алып, элибизди жашоо нугун жакшы жакка бурууга, маалымат каражаттарын жана жалпы эле журтубузду чакырат элем!.