Акыркы макалалар

Apple жана Facebook'та иштеген айымдар эмне үчүн эне болуудан баш тартууда?

Apple жана Facebook'та иштеген айымдар эмне үчүн эне болуудан баш тартууда?

Акыркы жылдары технология жаатындагы ири компанияларда көбүнчө айымдар жетекчилик кызматты аркалоодо. Албетте мындай көрүнүш гендердик тең укуктуулуктун жышааны болгону менен, бул нерсенин артында көрүнбөй жаткан бир топ кызыктар да бар.

Маалыматтарга ылайык, Apple жана Facebook сыяктуу ири компаниялар тажрыйбалуу мыкты аял адистердин иш беримдүүлүгүн арттыруу максатында, алардын эне болуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтотуусу үчүн 20 миң АКШ долларынын айланасында кошумча компенсацияларды төлөп беришет.

Мындай ыкма менен ири компаниялар өздөрүнүн рыноктогу рейтингин сактап калууну көздөйт. Анткени айым адистердин балалуу болгон кездеги эмгек өргүүлөрү, компаниялардын иштерин басаңдатаарын, атайын адистер изилдеп чыгышкан. Ошондуктан технология жаатындагы ири компанияларга аял адистер менен “эне болуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтотуу” келишимине баруусу чоң пайда алып келет.

Аталган келишимге барууда, медициналык кароого кеткен чыгымдын баарын компаниялар өздөрүнүн мойнуна алышат. Ал эми айымдар мындай келишим менен өздөрүнүн жумуштагы карьерасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алууда. Кошумча компенсациялар ай сайын төлөнүп, эгер балалуу болуудан такыр баш тартып, бала багып алам деген кызматкерлер үчүн да атайын компенсациялар каралган.

Мындай көрүнүш айрымдар үчүн таң калычтуу болгону менен технология жаатында карьерасын улантып жаткан айымдарды колдоосуна ээ болууда. АКШ сыяктуу өлкөлөрдө жогоруда аталган “балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтотуу” келишим акыркы жылдары бир топ ири компаниялар тарабынан колдонулуп келет.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg