Акыркы макалалар

Ишкер Р.Алкановго кол салган деп шектелген кыздар кармалды

Ишкер Р.Алкановго кол салган деп шектелген кыздар кармалды

Таласта денесине бир нече ирет бычак сайылган абалда табылып, ооруканага жаткырылган жеке ишкер Райхан Алкановдун абалы учурда оор бойдон калууда. Ишкердин үй-бүлөсү үчүн трагедия болгон окуяны жасаган деп шектелген кыздардын бардыгы учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда жабырлануучунун жактоочусу Юрий Скатневский билдирди. Жактоочунун айтымында, Р.Алканов 11 ирет сайылган бычактан жаракат алган. Ошондой эле үйүнөн 200 миң сом акча жоголгон.

Жактоочу кошумчалагандай, Алкановдун денесине бир нече ирет сайылган бычактан жаракат алышы бул ишке шектүү катары кармалган кыздарды зордуктоо аракетинен кийин болгон деген маалыматтар чындыкка туура келбейт.

"Айрым ЖМКлар жарыялаган бул сыяктуу маалыматтар жалган билдирүү", - деди ишкердин жактоочусу Юрий Скатневский.

Ал эми Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек, ишкердин коопсуздугу үчүн укук коргоо органы күчтүү болушу керек экенин «Марал» үналгысына билдирген. Анын айтымында, республикада коопсуздук маселеси жеке ишкерлерде гана эмес бардык тармакта өтө оор акыбалда.

Буга чейин маалымдалгандай, ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, окуя болгондон бир нече күн мурун Бишкек шаарынан Таласка барган айдоочусу 26-октябрда эрте менен Р.Алкановду жарадар абалда көргөн. ИИМдин маалыматы боюнча Р.Алкановго 15тен ашуун бычак сайылган, ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык 18 ирет бычак сайылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg