Акыркы макалалар

Бир пикирге келишти

«Кыңыр иш-кырк жылда» дейт. Үстүбүздөгү жылы райондогу бюджеттик мекемелерге, айыл округдарына Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынан текшерүү келип, тажрыйбалуу текшерүүчүлөрдүн «кылтагына» илинбегенде бул жабылуу аяк жабылуу боюнча калмак беле ким билет? Ишке шалаакылык, жоопкерчиликсиз мамиле кылуунун натыйжасы күнөөсүз адамдарды «күнөөлүү» кылуу менен аяктады.

2011-жылдын май айынан баштап мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча жарлык чыкканда ары ардактуу, ары түйшүктүү кесиптин ээлери маңдай жарыла сүйүнүшкөн эле. Анан кантишмек, таман акы, маңдай терлери менен тапкан маяналары нары тартса да, бери тартса да эч нерсеге жетпей кыйналып турушпады беле. 2011-жылдын май айынан 2012-жылдын январь (январдан баштап кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөн) айына чейин капчыктары толтура маяна алышкан мугалимдердин көпчүлүгү «айлык акыбыз чын эле ушунча көбөйгөнбү» дешип таң калып да жүрүштү. Көрсө райондук финансы бөлүмүнүн айрым кызматкерлеринин, айыл округдарынын бухгалтерлеринин күнөөсү менен педагогикалык стаждарга туура эмес төлөмдөр кошулуп, ушундан улам айлык акылардын көлөмү көбөйүп кеткен. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын текшерүүчүлөрүнүн справкасында райондогу 1038 мугалимге 4 миллион 319 миң сом ашык төлөнгөн деп көрсөтүлгөн. Бул сумманы ар бир мугалимге чачыратканда 4161 сомдон тиет экен. Албетте, бардык мугалим бирдей маяна албайт деңизчи, бул сумманын көпчүлүк бөлүгү директорлорго, окуу бөлүмүнүн башчыларына, көп саат берген мугалимдерге энчиленет.

Текшерүүчүлөрдүн справкасынын негизинде райондук прокуратура иш козгоп, бул иштин жыйынтыгына бүткүл республика кулак түрүп турган чагы.Аталган маселе боюнча жакында облустук, райондук прокуратуранын кызматкерлери, мектеп директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, айыл округ башчылары жана бухгалтерлер катышкан жыйын болуп өттү. Жыйында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.Максүтов сөз алып, бул иш бүткүл райондун бетине көө жаап жаткандыгын, бүгүнкү жыйында бир пикирге келип, мугалимдер арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аталган сумманы 8-9 айдын ичинде өндүрүү керектигин белгиледи. Чыгып сүйлөшкөн айыл округ башчылары, мектеп директорлору аталган маселеге аяр мамиле жасап, түшүндүрүү иштерин талаптагыдай жүргүзүү, «алгандын бермейи бар» дегендей ашык алган акчаны кайтарып берүү керектигин айтышты.

«Өкмөттүн укуругу узун» деп айтылат. Бүгүнкү күндө бюджет тартыш болуп турганда мынча сумма кайтарылбаса, район үчүн кыйын абал түзүлөөрү шексиз. Мындай көрүнүш (айлык эсептөөдөгү ашык төлөөлөр) биздин райондон башка бир да райондо болгон эмес. Кетирген катасы үчүн райондук финансы бөлүмүнүн башчысы өз күнөөсүн тартып, кызматынан четтетилди. Башка күнөөлүүлөрдү жазага тартып, кесип жиберүү максат эмес. Мугалимдер -интеллигенциянын эң аң- сезимдүү, акылдуу, адептүү, намыстуу өкүлү болуп саналат. Эмоцияга алдырышпай, райондогу кырдаалга туура баа беришип, райондун намысы үчүн колдон келген жардамдарын аяшпайт деген ишенич бар. «Көп түкүрсө -көл» дейт. Райондун каймактарынан болгон педагогикалык жамаат «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып», бул кырдаалдан чыгып кетүүдө жогорку аң-сезимдүүлүктү көрсөтөт деп ишенимдүүлүк менен айтсак болот.

М.Козубеков