Акыркы макалалар

Чубак Ажы Жалилов: “Дин бул аманат”

Чубак Ажы Жалилов: “Дин бул аманат”

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программабыздын бул чыгарылышында Кыргызстанда тыюу салынган Ислам багытындагы агымдар тууралуу сөз кылдык. Студиябыздын коногу КМДБнын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Ажы Жалилов.

Кыргызстанда үч агым коркунуч туудурат

“Бизде тыюу салынган 6 жамаатты айтып журүшөт. Анын ичинде “Хизбут Тахрир”, “Өзбекстанды боштондукка чыгаруу” ж.б уюмдар. Булардын бардыгы эле Кыргызстанда өкүм сүрөт дегенден алысмын. Бирок мен Кыргызстандын аймагына, руханий келечегине коркунуч туудурган үч агымды белгилеп кетем. Алар “Шиит” агымы, “Кадия ния Ахмад” агымы жана “Такфир” уюму. Булардын ичинен кеңири жайылганы, коркунучтуусу шиилер болуп саналат. Учурда Сириядагы согуш да шиилер менен сүннилердин арасында токтобой келет. Биз ушул үч жамааттан сактансак жакшы болор эле”.

Жаштарыбыздын динден кабары аз

“Мусулман жаштарыбыздын динден кабары аз болгондуктан, алар маалыматты расмий эмес, башка бир туура эмес агымдагы булактардан алып жаткандыктан терс багыттагы уюмдашкан топторго тартылып кетип жатат. Мунун натыйжасында динге болгон махабаты, мусулманчылыкка суусап турган абалынан башкалар пайдаланып кетип жатканы өкүнүчтүү. Маселени алдын алуу боюнча жаштарыбызга, студенттерибизге, жалпы жарандарыбызга массалык маалымат каражаттары аркылуу Исламды туура, так жайылтышыбыз керек”.

Сирияга баргандар өкүнүп келишет

“Мен ойлойт элем, Сирияга тартылып кеткен жарандарыбыз, туура эмес багытта жүргөн жаштарыбыз коомчулукка коркунуч туудурушу мүмкүн. Бирок алар келгенден кийин баргандыгына өкүнүп келишет. Баргандан кийин ошол жердеги идеяларга суугарылат дегенден алысмын. Алардын мусулман болгубуз келбейт деп айтуусунан чоочулайм”.

Саналуу гана молдокелерибиз бар

“Муфтият имамдардын билим деңгээлин текшерүү боюнча иш- аракетин көрүп жатат. Бирок аларга сынак жарыялап кулатып коюштун кереги жок. Анткени Кыргызстанда саналуу гана молодокелерибиз бар. Алардын ордун басып келчү башка адам жок. Мен муфтий болуп турганда сынак жарыялай коем деп жаңылыштык кетиргем. Мага көптөгөн имамдар каршы чыгышкан. Азыр ойлоп көрсөм, бекер эле кылган экем. Аларды сынагандын ордуна тескерисинче, билим деңгээлин жогорулатып, кайрадан даярдоо курсуна окутканыбыз дурус болот”.

Ислам мамлекетин эки жактуу карашыбыз керек

“Ислам мамлекети жөнүндө эки жактуу карашыбыз керек. Албетте, мындай маалыматтарды батыш жеткирип жатат да. Ошол маалыматтардын толук ката болуп калуу ыктымалдыгы бар. Себеби, Курани Каримде: “Эгер силерге дини тайыз адамдар кабар берсе, тактап тастыктагыла” дейт. Бул боюнча Сауд Аравиянын муфтийлери, аалымдары фатва чыгарып жүрөт. Бирок алар сайсий маселелерде көз каранды болуп калгандыгын көрүп жүрөм. Экинчи жагынан алып караганда балким, алар туура эмес кылып жаткандыр. Аны көрүп билмейинче ишенич кыйын. Ошондуктан адам укканда ушул туура экен деген радиолор болушу керек. Бул жагынан “Марал” радиосу көч башында бара жатат деп ойлойм”.

Дин - бул аманат

“Балким, мен деле адашып жаткандырмын сүйлөп жаткан сөзүмөн. Диний таалим алуу биздин мойнубуздагы милдет. Өзгөчө руханий муктаждык. Бирок ошону алып жатканда абайлап, атайын расмий жерден, муфтияттын мөөрү басылган, же бир башы көрүнгөн аалымдарыбыздан алыш керек. Ооруп калса, доктурдан доктурду, тамак ичсек тандап ичебиз, ал эми диний маалыматка келгенде көрүнгөндү ала берген туура эмес. Дин – бул аманат. Аманаттарды кимден алып жатканыңарды карашыбыз зарыл”.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg