Акыркы макалалар

Губернатыр, губернатыр эмнени жеп жатыр…

 Губернатыр, губернатыр эмнени жеп жатыр…

Ажобуз А.Атамбаев кыргыз гезитчилери ушакчы, Баш прокурорубуз А.Салянова “ушак айткандарды жазалаш керек” дегендерине карабай уккан-билгендерибизди окурмандарыбызга жеткизип турбасак, “Калкым калкым дебесе, калктын камын жебесе, кан алдына чыкпаса, калыс сөзүн айтпаса, башын катып уктаса, карыядан не пайда”-деп 19-кылымдын олуясы Асан Кайгы айткандай, чыркыраган чындыкты чыңыртып жаза албасак, “Мен журналистмин” дегендин канчалык кереги бар. Дегенибиз, өткөн аптада редакциябыздын босогосун Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн бир топ тургундарынын ачуулуу атташкандарын айтпай кетпесек болбойт.

“Уруштун башы-атаңдын башы”-дегендей балээнин баары айыл өкмөтүнүн башчысы Нусупов Эрнестке прокуратура тарабынан иш козголуп, соттун аны бир ай мөөнөт менен абакка жабуу чечиминен келип чыккан окшобойбу. Редакциябызга баш баккан бир топ аттуу-баштуу айыл тургундарынын, ошондой эле коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн айткандары боюнча Э.Нусуповдун кылган кылмышына караганда, анын кызмат орду кимдир бирөөгө зарыл керек болуп жатканы белгилүү болду окшойт. Эң кызыгы “камап бергиле эле, камап бергиле”-деп сотко жетектеп барган орган кызматкерлеринин бир заматта эле Э.Нусуповго боорлору ооруп, өздөрү тез жардам чакыртып, кечиккен тез жардамды күтпөй өздөрүнүн автоунааларына салып алып, Чүй облустук ооруканага соп сопсоо адамды алып жөнөшкөндөрүн кандай түшүнсө болот?! (Бул учурда Э.Нусуповдун жакындары башкы прокуратурадагы бир “катта” адамга кирип “жолугуп” чыкканы белгилүү болуп калган эле). “Кылмышкерди камаш керек”- деп жүргөндөргө ошол “жолугушуунун” жыйынтыгы кечирээк жетип калгандан, жанагыдай прокуратуранын кызматкерлери далбастап “тез жардамдын” ролун аткарышып жаткандары, сырттан байкоо салып турган кишиге “алтын балыктын” берген командасындай эле сезилип турду. Арасында айылдык депутаты баш болуп, айылга аттары чыккан белгилүү инсандары төш болуп бул иштин башкы “дирижеру” деп облустагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү, (губернатор) Айбек Азранкуловду айтып жатышты. (Э.Нусупов менен А.Азранкулов жердештер, Чалдовар айылынан болушат. Ред.) Редакциябызга келаткандардын арасында башкы кейипкер Э.Нусуповдун дагы болгондугун, бирок жолдон аны А.Азранкуловдун шашылыш “мировойго” чакыргандыгына байланыштуу келе албай калгандыгын бир ооздон келгендер айтып жатышкандарын угуп туруп, теңирден тескери ойго чөмүлбөй койбойт экенсиң.

Эт кызуусунда айыл өкмөтүнүн орду канчага бааланып, ким канча пара алганы дагы айтылып кетти. Биз эми сот же прокурор болбогондон кийин, бирөөнүн абийирине шек келтирүүдөн алыспыз. Берилген акча биз аркылуу же берип-алып жатканын көргөн киши болбогондон кийин, тиги же бу чоң мынча пара алыптыр деп дагы айта албайбыз. Деген менен борборго жакын бул айыл өкмөтүндө далай “иттин өлүгү” көмүлүп жаткандай. “Калк айтса-калп айтпайт” деген сөздүн кереметтүүлүгүн акыркы күндөрү байкап эле жүрбөйбүзбү. Аталган айыл өкмөтүндөгү ызы-чуунун жөн жайын билүү максатында облус жетекчиси Айбек Жаныбекович Азранкуловго телефон чалып байланыша албай, аттары да заттары дагы окшош аппарат жетекчиси Айбек Жанышбекович менен байланышып, тыңгылыктуу, кычуу кандырчу жооп ала албадык.

Ажобуздун кыргыз гезиттери калпычы, баш прокурорубуз кээ бир журналисттерди жазалаш керек дегендерине карабастан, жылаңач баатырларчасынан, чыркыраган чындыктын кайсыл жерде тумчугуп жаткандыгын билип, элге бурмалабай жеткизүү максатында журналисттик иликтөөбүздү баштадык. Жакынкы сандарыбызда Ново-Павловка айыл өкмөтүндөгү окурманыбызды ойго салчу окуяларды ортого жаябыз деген жакшы ниетибиз бар.

Абай АРГЫНОВ