Акыркы макалалар

Бактылуу өмүр сүрүү үчүн – даанышман жубайга туш болуу абдан зарыл

Бактылуу өмүр сүрүү үчүн – даанышман жубайга туш болуу абдан зарыл

"Саясаттан сырткары" программасынын кезектеги коногу "Эркин Эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков болду.

«Кыргызча билчү эмесмин...»

Мен Бишкек шаарында төрөлгөм. Борбор калаада 4 жашыма чейин жашап, тилим орусча чыккан. Себеби, бала бакчада иним экөөбүз эле кыргыз болчубуз. Калгандары орус улутундагылар эле. Ошондо балачагым Бөкөнбаев / Дзержинка көчөлөрүндө өткөн. Жашоо шартына байланыштуу биз үй-бүлөбүз менен Таласка көчүп кеттик. Анда мен он төрт жашта элем. Таласта чоңоюп, окуп, тарбияландым. Таласка жаңы барганым эсимде, кыргызча бир да сөз билбей, балдардын арасына кошулгам. Балдар ойном жүрүп эле кыргызча үйрөнүп кеттим. Негизи айылда жашап, чоңойгон адамдын балалыгы абдан кызыктуу өтөт. Айылда шаардыкындай мүмкүнчүлүк болбосо дагы, кандайдыр бир башкача шартта, кандайдыр бир жакшы маанайда өтөт да. Себеби, эсимде биз айылда кечинде чогулганда 30-40-50гө жакын бала чогулуп калчубуз. Көчөдө ал кезде жаркырап свет күйүп турчу. Биз түркүн-түркүн оюндарды ойночубуз. Кыз куумай, топ таш, кубалашмак, жашынмак деген оюндар бар эле. Айтор күнүгө кечинде укмуш оюн курчубуз.

«Балалыгым кызыктуу окуяларга курчалган…»

Айылда жашап, 5-класста окуп жүргөн кезимде кырманга жумушка орношуп калдым. Ал жерде иштеп жүрөбүз, күн ысык, буудайды тазаламай, кырманды шыпырмай, жүк ташуучу унаалар келгенде буудайды салып бересиң, иши кылып түркүн жумуштарды кылчубуз. Көп бала иштечүбүз. Анан түшкү тамактанууга чыкканда чуркап үйгө барып, эптеп курсак тойгузуп коюп эле айылдагы чоң каналга түшкөнү жөнөчүбүз. Ал кезде капкара, апарык кичинекей балдар элек. Досум экөөбүз каналга барсак, 10-11-класстын балдары сууга түшүп жатышыптыр, чоң-чоң балдар. Бизди эрмек көрүшүп, досумду кармап сууга ыргытып жиберишти. Анан ал кыйкырып-өкүрүп эле сүзүп барып, суунун наркы бетинен чыгып, качып кетти. Анан балдар мени кубалап жүрүшүп, баса калып кармап алышты. Чоң-чоң балдар да. Төртөө төрт аягыман кармады дагы, ушундай бир күүлөнтүп-күүлөнтүп эки-үч метрдей алыска ыргытышты сууну көздөй. Мен сууга чалп этип ичим менен түштүм. Сууга түшүп баратып, абдан көп дем алып алгам да, анан суудан чыкпай жатып алдым. Калкып чыгып калдым да, сууда агып баратам. Ызы-чуу болуп жатышат. Башым ылдый суунун ичинде болгону менен угулуп жатат. Бир аздан кийин бирөө байкап калып, тиги чөгүп кетти – чөгүп кетти деп эле кыйкырып калышты. Баары үн катпай турушат. Анан бир маалда эле сууга кирип, мени сүйрөп чыга башташты. Ойлошту окшойт, мени чөгүп кетти деп. Жээкке сүйрөп чыкканда менин күлкүм келип кетип күлүп жиберсем, баары каткырып, оюн кайра уланган. Андай кызыктуу окуялар көп болгон. Кырманда иштеп жүргөндө чоң балдар клуб, айылдык кеңештин алдына тамекинин калдыктарын тергени жөнөтчү. Анан тамекинин калдыктарын чоң балдар үчүн терип келчүбүз.

«Бала бакчада такыр уктачу эмесмин…»

Бала-бакчадагы балдардын арасында эң бийик бойлуу мен болчумун. Анан тарбиячым мени такай жардамчысы кылып алчу. Түштө балдар уктабайт эмеспи. Тарбиячым мага айтчу, сен группанын баарын уктат, бирок, өзүң уктабай койсоң болот деп. Анан мен баардыгын жаткырып, өзүм экинчи кабаттын балконунан чыгып, отура берчүмүн. Ал эми биринчи класстан баштап окууну бүткөнгө чейин класском болдум. Лицейде окуп жүргөндө ал жердин түркүн иш-чараларын уюштуруп, 11-класста физика-математика лицейинин президенти болгом.

«Мен даанышман жубайга туш болдум…»

Мен эки бир тууганмын. Үйдө кыз жок. Ошого байланыштуу үйдөгү жумуштардын баарын, такмак бышырып, нан жаап, короо шыпырып, өзүбүз кылчубуз. Бакыт иним экөөбүз 3-класстан тарта эле кышкыга отун, көмүр камдоо, короодо картошка тигебизби, помидор, бадыраң тигип, өзүбүз өстүрчүбүз. Андан кийинки Урмат иним 1992-жылкы, ал бир аз эрке бала болуп өстү. Ал эми жеке үй-бүлөм тууралуу айтсам, мен өзүм чет мамлекетте жүргөнүмө байланыштуу бир аз кечирек үйлөндүм. Кудайга шүгүр, кыздуу болдук. Негизи жеке жашоо тууралуу айта кетчү нерсе, бактылуу өмүр сүрүү үчүн – даанышман жубайга туш болуу абдан зарыл. Мен ошондой жубайга туш болдум деп ойлойм. Себеби, коомдук-саясий иште аралашып жүргөндө түркүн шарттар, түркүн иштер болуп кетет. Баш кошконубузга көп убакыт болбосо дагы, жубайым үй-бүлөлүк түйшүк болобу, баланын түйшүгү болобу же мага байланыштуу кандайдыр бир маселелер болобу ошонун баарын түшүнүп, көтөрө билет.

Уландысын сайттан окуңуздар (сүрөттөр тиркелип, үн менен коштолгон)...

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg