Акыркы макалалар

Чүй облусунда эркектердин 45%ы тамеки тартат

Чүй облусунда эркектердин 45%ы тамеки тартышат. Бул маалыматты Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан өткөрүлгөн тегерек столдо медицина илимдеринин талапкери Асел Боржубаева билдирди.

Анын айтымында, жалпы калктын 18,3%ы тамеки тарткан. Чүй облусунда аялдар арасында тамекиге азгырылгандар абдан көбөйүүдө. Мектеп окуучуларынын 5-7-классстардын арасында 30%га жакыны тамекинин даамын татышкан.

“Студент-медиктердин арасында 1-курстагылардын саны 13,8%ды түзүп, ал эми 6-курста алардын саны 71%га жетүүдө,”-деди Асел Боржубаева.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg