Акыркы макалалар

Курбанбек Кааров: “Ажылыкты тезирээк аткарганга аракет кылыш керек”

Курбанбек Кааров: “Ажылыкты тезирээк аткарганга аракет кылыш керек”

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында ажылык тууралуу сөз болду. “Абу-Бакр ас-Сыддык” медересесинин мугалими, Курбанбек Кааровдун айтымында (хадиске таянып), ажылыкты тезирээк аткарганга аракет кылыш керек. Анткени эч ким өлүмдүн качан келерин билбейт.

Быйыл Кыргызстандан 3685 адам ажылык милдетин аткарды. Эскерте кетсек, зыяраттын баасы 2400 доллар деп бекитилген. Ажычылардын баарын Флай Дубай авиакомпаниясы ташып келет. Зыяратка баргандар 11-октябрдан тарта Кыргызстанга кайта баштады.

“Абу –Бакр ас-Сыддык” медересесинин мугалими, Курбанбек Кааров:

“Ажылык негизинен бул Исламдагы беш парздын бири. Ажылык Улуу нерсеге аттануу дегенди билдирген болсо, шариятыбыз боюнча ажылык биз билген ыйык санаган Кааба жана анын айланасындагы куттуу деп эсептелген жерлерине белгилүү бир убакытта барып өзүнүн көрсөткөн эрежелери боюнча ибадат кылуу болуп эсептелинет. Ислам динибиздин негизги беш парзынын бири болгон ажылык тарыхы боюнча хижрат жылынын тогузуна парз болгон. Ал эми ажылык учурунда аткарыла турган иштерди жалпы жонунан арабча манасих деп атайбыз”.

“Бизге өмүрүбүздө бир жолу чамабыз жеткен учурда ажылык зыяратын аткарып келүү милдет жана парз. Ошону бар болушунча мүмкүнчүлүгү жетип, ажылыкты аткарууга толук шарты бар адам тезирээк аткарганга аракет кылыш керек. Пайгамбарыбыз хадисинде айтып атат: “Ажылыкка барууга шашылгыла, анткени эч кимиңер өзүңөрдүн өлүмдүн качан келерин билбейсиңер”, - деп.

“Ажылыктын өзүнүн эрежелери бар. Мисалы ихрамга кирүү, Арафатка туруу, зыярат тавафын кылуу бул парз болуп саналат. Ал эми шайтанга таш ыргытуу, чач алдыруу деген ажылыктын ваажип түрлөрүнө кирет”.

КМДБнын ажылык жана умра бөлүмүнүн башкы адиси, Марат ажы Усупов:

“Исламдагы беш парздын бири болгон ажылык сапар 2014-жылдын февраль айында Сауд Арабия өлкөсүнүн Хадж министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде башталды. Келишимди муфтий Максатбек Ажы Токтомушев өзү түзүп келди. Келишимдин негизинде Кыргызстанга 3685 квота берилди. Муну облус шаарларга бөлүп айта турган болсок, Бишкек шаарына 455, Чүй облусуна 614, Баткен облусуна 351, Ош шаарына 192, Ош облусуна 875, Жалал-Абад облусуна 801, Талас облусуна 107, Ысык-Көлгө 111, Нарынга 54 орун бөлүнүп, жалпысы 3560 квота облус-шаарларга бөлунүп берилди”.

“Мындан сырткары калган 125 квота ажыларды алып бара тургандарга 76, 20сы штаб, Египетте окуган Кыргызстандын студенттерине 6, Куран конкурсунда жеңгендерге 4, 6 врач, 4 ашпозчу,ошондой эле былтыр ажылыкта каза болгон беш адам тарапка 5 квота бөлүнүп берилди. Жалпысы 125 болду. Бул квоталардын баары Кыргызстандын бүткүл аймагында чүчүкулак түрүндө тандалып алынды. Бул система коррупциялык иштерге бөгөт коюу максатында уюштурулду”.

“Негизинен ажыга баргандардын ар бири курмандык чалат. Бирок ал жакта миллиондогон кишилердин барганыдыгына байланыштуу, ар ким өзү барып курмандык чалууга шарт болбой калат. Ошондуктан ал жакта атайын ажы башчылар бар, ошолорго каражатын беришет. Алар Арабиянын өкүлчүлүктөрүнө, ар бирин атын атап курмандык чалууга тапшырат. Жалпылап айтканда ажы башчылары аркылуу курмандык чалынат”.

“Быйылкы ажылык сапарда эки адам каза болуп калды. Баргандардан 28-сентябрда Кара-Суудан Апазова Шарипа жана Ноокен районунан Узаков Жамалдин кайтыш болду. Экөө тең оорунун айынан көз жумушту”.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык ажычылар 11-октябрдан баштап мекенине Флай Дубай авиакампаниясы аркылуу кайта башташты. Биринчи рейс Ошко. Андан кийинкиси Бишкеке келип түшөт.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg