Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө №3 тергөө абагындагылар ачкачылык жарыялашууда

Каракол шаарындагы №3 тергөө абагында 79 адам ачкачылык жарыялашууда. Бул тууралу КРдин акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Аскар Мансуров билдирди.

Маалыматка ылыйык тергөө абагындагы жаткан адамдар, алар үчүн абакта шарт болусун талап кылууда. Тактап айтканда тамак-аш, жатакана, жунуучу жайларынын шарттары жакшыртуу талабын коюшууда: “Бүгүн №3 тергөө абагындагылар ачкачылык жарыялашты. Алар саат 14 дөн 50 адам ачкачылыкты жарыялашса, учурда алардын саны 79га жетти. Алардын арасындагы көзөмөлдөчүлөр (смотрящийлер) биздин камералар ачык бойдон койгула-деп жатышат.”-дейт А. Мансуров.